Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы № 93 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамында:
биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: «Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жана инновациялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;»; төртүнчү жана бешинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 64 “Суу боюнча улуттук кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Суу боюнча улуттук кеңештин курамында:
биринчи абзацындагы “премьер-министри” деген сөздөр “биринчи вице-премьер-министри” деген сөздөргө алмаштырылсын;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 94 “Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоону жүргүзүү жана ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен түзүлгөн Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамында:
биринчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Премьер-министри” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри” деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы №215 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин курамында:
биринчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Премьер-министри” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри” деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын; үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: “Кыргыз Республикасынын экономика министри, Кеңештин төрагасынын орун басары.”; жетинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы чара көрүү маселелери боюнча комиссиянын курамында:
биринчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Премьер-министри” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо маселесин тейлеген вице-премьер-министри” деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-ноябрындагы №790 “Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Инноватика боюнча мамлекеттик кеңештин курамында:
биринчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри” деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августундагы № 541 "Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин маселелери боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-апрелиндеги № 273 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында Балдар эмгегинин маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августундагы № 541 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 426 "Кыргыз Республикасында Балдар эмгегинин маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августундагы № 541 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордү киргизүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 219 «Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтому.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 12 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (12)
- КР Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы ПЖ № 219 "(Кыргыз Республикасынын Президентинин бул указы кызматтык пайдалануу документи болуп саналат)" ЖарлыгыУказ · 29.09.2010 · № 219
- Постановление Правительства КР от 25 августа 2003 года № 541 "О Координационном совете по вопросам детского труда в Кыргызской Республике"Постановление · 25.08.2003 · № 541 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери тууралуу" токтомуПостановление · 28.05.2012 · № 324 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнун токтому 2008-жылдын 28-июлу № 402 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор…Постановление · 23.02.2004 · № 93 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы №215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 13.05.2011 · № 215 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 64 "Суу боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2006 · № 64 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы №94 "Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоону жүргүзүү жана ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты…Постановление · 03.03.2011 · № 94 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 790 "Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2012 · № 790 · Күчүн жоготкон
- КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-апрелиндеги № 273 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.04.2006 · № 273 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-октябрындагы №593 "Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин маселелери боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.10.2008 · № 593 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы №426 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августундагы № 541 "Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин маселелери боюнча…Постановление · 03.07.2009 · № 426 · Күчүн жоготкон