Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 12 июля 2016 года № 385 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О Совете по науке и инновациям при Премьер-министре Кыргызской Республики" от 6 июля 2015 года № 449"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-07-12.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 22-ноябры № 790 Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомунун редакциясына ылайык) "Инновациялык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, экономиканы модернизациялоо үчүн илимий-техникалык, инновациялык потенциалды натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Инноватика боюнча мамлекеттик кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Инноватика боюнча мамлекеттик кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Инноватика боюнча мамлекеттик кеңештин КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы, Кеңештин төрагасынын орун басары.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын экономика министри; Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.07.2014 · № 373
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Инноватика боюнча мамлекеттик кеңеш жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 790 токтому менен…Постановление · 22.11.2012 · № 790 · Күчүн жоготкон
- Инновациялык иш жөнүндөЗакон · 26.11.1999 · № 128 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомуПостановление · 04.07.2014 · № 373
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим жана…Постановление · 12.07.2016 · № 385 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Инновациялык иш жөнүндөЗакон · 26.11.1999 · № 128 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим жана…Постановление · 12.07.2016 · № 385 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.