Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Суу боюнча улуттук кеңеш жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-07-04.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 3-февралы № 64 Суу боюнча улуттук кеңеш жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2012-жылдын 23-майындагы № 305, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Суу кодексин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу боюнча улуттук кеңеш түзүлсүн.
2. Тиркелгендер бекитилсин:
- Суу боюнча улуттук кеңештин курамы;
- Суу боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобо.
3. Суу боюнча мамлекеттик администрациянын функцияларын убактылуу аткаруу Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментине жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агрөөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр
Ф.Кулов
Тиркеме
Суу боюнча улуттук кеңештин КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-майындагы № 305, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Улуттук кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары. Улуттук кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын экономика министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын директору; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана экспертизалоо департаментинин башкы директору; Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директору; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (7)
- Суу боюнча улуттук кеңеш жөнүндө ЖОБО ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 64 токтому менен бекитилген)Положение · 03.02.2006 · № 64
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 15 августундагы № 329-б (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Швейцариянын гранты жөнүндө макулдашуунун (Улуттук суу…Распоряжение · 15.08.2014 · № 329-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.07.2014 · № 373
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-августундагы №410 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу суу-энергетикалык саясат боюнча Улуттук кеңешти жоюу жөнүндө"…Указ · 03.08.2006 · № 410 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомуПостановление · 04.07.2014 · № 373
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 23-майындагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 64 "Суу боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна…Постановление · 23.05.2012 · № 305 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
6 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Суу КодексиКодекс · 12.01.2005 · № 8 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон