11-статья. Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып салуу
Күчүндө · 19.04.2023 редакциясы · 2-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 91
Качкын статусун жоготкон адамдарды жана Кыргыз Республикасынын аймагында аларды качкын деп таануудан баш тартылган, ушул Мыйзамдын 9 жана 10-статьяларында белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетпеген адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарып салуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Аны качкын деп таануудан баш тартылганы жөнүндө же качкын статусун жоготкону тууралуу билдирме алган адам, анын өмүрүнө жана эркиндигине коркунуч туудурган өлкөгө же ал кыйноонун курмандыгы болушу же адамкерчиликке жатпаган катуу мамилеге дуушар болушу мүмкүн болгон өлкөгө эч кандай шарттарда чыгарылып салынышы мүмкүн эмес. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды чыгарып салуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан жүргүзүлөт. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып салууга байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. (Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 17-мартындагы № 15, 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 19.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 марта 2012 года № 15 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"Редакцияларды салыштыруу
19.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып салынды: администрациялык жол менен чыгарып салуу
Качкын статусун жоготкон адамдарды жана Кыргыз Республикасынын алынып салынды: аймагындагы кошулду: аймагында аларды качкын деп таануудан баш алынып салынды: тартуу алган кошулду: тартылган, ушул Мыйзамдын 9 жана 10-статьяларында белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетпеген адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен алынып салынды: администрациялык жол менен чыгарып салуу Кыргыз Республикасынын кошулду: укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Аны качкын деп … мүмкүн эмес.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды алынып салынды: администрациялык жол менен чыгарып салуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын кошулду: укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын компетенттүү кошулду: мамлекеттик органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алынып салынды: администрациялык жол менен чыгарып салууга байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын кошулду: тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 17-мартындагы № алынып салынды: 15 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 15, 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/999/st-11" title="11-статья - Качкындар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>