Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Качкындар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 17-марты №15
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж. № 5, 203-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизилсин:
1. Преамбуланын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасы жынысы, расасы, тили, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, кайсы өлкөдө төрөлгөнү, мүлктүк же башка абалынын белгилери боюнча кандайдыр бир айырмачылыктарына, ошондой эле башка жагдайларына карабай бардык качкындарга тең укуктук абал берет.".
2. 1-статьянын "башка мамлекеттин аймагындагы өзүнүн туруктуу жашаган жерин таштап кетүүгө мажбур болгон" деген сөздөр "өзүнүн жарандык таандыктуулугунун өлкөсүнөн же өзүнүн туруктуу жашаган жеринен тышкары жүргөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 2-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам - бул Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралган жагдайлар боюнча качкын деп таанууну каалагандыгы жөнүндө билдирген адам.".
4. 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Качкындар жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасында качкындардын маселелери Конституция, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери менен жөнгө салынат. Адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин ченемдери түздөн-түз колдонулат жана эл аралык башка ченемдерден артыкчылыктуу болот.".
5. 4-статьянын 6-бөлүгү "жана даттануу баскычын кошуп алганда, анын өтүнүчү боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин узартылат" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 11-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аны качкын деп таануудан баш тартылганы жөнүндө же качкын статусун жоготкону тууралуу билдирме алган адам, анын өмүрүнө жана эркиндигине коркунуч туудурган өлкөгө же ал кыйноонун курмандыгы болушу же адамкерчиликке жатпаган катуу мамилеге дуушар болушу мүмкүн болгон өлкөгө эч кандай шарттарда чыгарылып салынышы мүмкүн эмес".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Обобщение судебной практики по рассмотрению административных дел по оспариванию решений Уполномоченного органа об отказе в предоставлении статуса беженца в Кыргызской Республике.Сот практикасынын обзору · Обзор судебной практики · 14.01.2025
Цитата келтиргендер (2)
- Качкындар жөнүндөЗакон · 25.03.2002 · № 44
- Обобщение судебной практики по рассмотрению административных дел по оспариванию решений Уполномоченного органа об отказе в предоставлении статуса беженца в Кыргызской Республике.Обзор судебной практики · 14.01.2025
Шилтеме берет (2)
- Качкындар жөнүндөЗакон · 25.03.2002 · № 44
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.