12-статья. Качкындардын укуктарынын кепилдиктери
Күчүндө · 19.04.2023 редакциясы · 2-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 91
Качкын ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралган себептер боюнча таштап кеткен өлкөгө келгиси келбесе, зордуктап кайтарылышы мүмкүн эмес. Бул жобо жүйөлүү себептерден улам коопсуздукка коркунуч туудуруучу качкынга же өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн соттун өкүмү күчүнө кирген соттолгон адамга колдонулбайт. Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын качкындар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген качкындын укуктарын кысымга алуучу чечимдери менен аракеттери мамлекеттик тиешелүү органдарга же сотко даттанылышы мүмкүн. Башбаанек издеген жана өмүрү менен эркиндигине коркунуч туудурган мамлекеттин аймагынан келген адамга анын тиешелүү органдарга токтоосуз келип, мыйзамсыз кирүүсү же болуусу боюнча канааттандырарлык түшүнүктөрдү бергенде жашыруун киргендиги жана Кыргыз Республикасынын аймагында болгондугунун себептери боюнча жаза берилиши мүмкүн эмес. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"Редакцияларды салыштыруу
19.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын кошулду: качкындар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген качкындын укуктарын кысымга алуучу … аймагында болгондугунун себептери боюнча жаза берилиши мүмкүн эмес. кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/999/st-12" title="12-статья - Качкындар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>