Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 3-марты № 134 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 300-1-статья менен толукталсын:
"300-1-статья. Тиешелүү белгилерди жасалмалоо, пайдалануудан чыккандарды кайрадан пайдалануу же Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү, тиешелүү белгилер менен маркалоого тийиш болгон товарларды тиешелүү белгилерди түшүрүүсүз сактоо жана сатуу Тиешелүү белгилерди жасалмалоо, пайдалануудан чыккандарды кайтадан пайдалануу, ага тете эле тиешелүү белгилер менен маркалоого тийиш болгон товарларга тиешелүү белгилерди түшүрүүсүз сактоо жана сатуу, - тиешелүү белгилердин жана/же тиешелүү белгилер менен маркалоого тийиш болгон товарлардын санына жараша администрациялык айып салууга алып келет: тиешелүү белгилердин жана/же тиешелүү белгилер менен маркалоого тийиш болгон товарлардын жүзгө чейинки санына; жарандарга - элүү, юридикалык жактарга - бир жарым миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө; тиешелүү белгилердин жана/же тиешелүү белгилер менен маркалоого тийиш болгон товарлардын жүз жана андан көп санына: жарандарга - жүз, юридикалык жактарга - үч миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө. Тиешелүү белгилер менен маркалоого тийиш болгон товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына тиешелүү белгилерди түшүрүүсүз ташып келүү, - тиешелүү белгилердин жана/же тиешелүү белгилер менен маркалоого тийиш болгон товарлардын санына жараша администрациялык айып салууга алып келет: тиешелүү белгилердин жана/же тиешелүү белгилер менен маркалоого тийиш болгон товарлардын жүзгө чейинки санына: жарандарга - элүү, юридикалык жактарга - бир жарым миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө; тиешелүү белгилердин жана/же тиешелүү белгилер менен маркалоого тийиш болгон товарлардын жүз жана андан көп санына: жарандарга - жүз, юридикалык жактарга - үч миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.";
2) 508-статьясынын 1-бөлүгү "300," деген цифралардан кийин "300-1," деген цифралар менен толукталсын;
3) 535-статьясынын 1-бөлүгү "300," деген цифралардан кийин "300-1," деген цифралар менен толукталсын.
4) 545-статьясынын 1-бөлүгү "229-1-статьяда" деген цифралардан жана сөздөн кийин "жана 300-1-статьянын 2-бөлүгүндө" деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын;
5) 556-1-статьясынын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда:
- он бешинчи абзацы "289-статьянын экинчи бөлүгү," деген цифралардан жана сөздөрдөн кийин "300-1-статьянын 2-бөлүгү,'' деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын;
- жыйырма үчүнчү абзацы "300," деген цифралардан кийин "300-1," деген цифралар менен толукталсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 108-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: ''5) маркалоого тийиш болгон товарлардын акциздик жыйымдын маркалары жана тиешелүү белгилер менен белгиленишин жана алардын аныктыгын.". 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (4)
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 20 апреля 2017 года № 1524-VI "О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в некоторые…Постановление · 20.04.2017 · № 1524-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-майындагы № 1599-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине…Постановление · 25.05.2017 · № 1599-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 31-майындагы № 1624-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик…Постановление · 31.05.2017 · № 1624-VI
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон