Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 27-декабры № 704 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407, КР МК 2023-жылдын 12-июлундагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө жободо:
- 11-пунктта:
төмөнкүдөй редакциядагы он экинчи абзац менен толукталсын: "- берилген транспорт каражатынын тибин жактыруу, шассинин тибин жактыруу, транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүгүнүн бирдиктүү реестрин түзөт жана жүргүзөт;";
- он экинчи жана он үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- шайкештик сертафикаттарынын бланктарын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарын, шайкештик сертификаттарынын көчүрмөлөрүнүн бланктарын, тиркемелердин көчүрмөлөрүнүн бланктарын, шайкештик белгисинин сүрөтү тартылган голографиялык маркаларды берет;
- Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигинин ырастаган, шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын, транспорттук каражаттын тибин жактыруу бланктарынын, транспорттук каражаттын тибин жактырууга тиркемелердин бланктарынын, транспорттук каражаттын тибин жактырууга карата кошумча баракчаларынын бланктарынын, шассинин тибин жактыруу бланктарынын, шассинин тибин жактырууга тиркемелердин бланктарынын, шассинин тибин жактырууга карата кошумча баракчаларынын бланктарынын, техникалык регламентке шайкештигин тастыктаган документти жокко чыгаруу жөнүндө билдирүүнүн бланктарынын, транспорттук каражаттын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктүн бланктарынын жана конструкциясына өзгөртүү киргизилген транспорт каражатынын коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө күбөлүктүн бланктарынын, конструкциясына өзгөртүү киргизилген транспорт каражатынын коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө күбөлүккө кошумча баракчалардын бланктарынын бирдиктүү формаларын берет;".
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 350 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
- 1-пунктунун экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, онунчу, он биринчи, он экинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- тогузунчу абзацтагы "токтом" деген сөз "токтомдун 1, 2 жана 4-пункттары" деген сөздөр жана сандар менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 368 "Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 8-пункттагы "300 (үч жүз)" деген цифралар жана сөздөр "1000 (миң)" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын.
6. Ушул токтом 2017-жылдын 12-февралынан тартып күчүнө кире турган 1-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (10)
- Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү…Положение · 16.06.2015 · № 368
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №128 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Аккредитациялоо борбору жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2010 · № 128
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 29.09.2014 · № 550
- Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо ЭРЕЖЕЛЕРИ( КРӨкмөтүнүн…Правила · 15.02.2003 · № 65 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 239 токтому менен бекитилгенТранспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОПоложение · 03.05.2013 · № 239
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 23.06.2017 · № 407 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 350 "Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.07.2023 · № 350
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы №407 токтомуПостановление · 23.06.2017 · № 407
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №128 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Аккредитациялоо борбору жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2010 · № 128
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 368 "Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын…Постановление · 16.06.2015 · № 368
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 29.09.2014 · № 550
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 23.06.2017 · № 407 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 350 "Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.07.2023 · № 350
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 15 февраля 2003 года № 65 "Об утверждении Правил регистрации автомототранспортных средств и прицепов к ним в Государственной автомобильной…Постановление · 15.02.2003 · № 65 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 239 "Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 03.05.2013 · № 239 · Күчүн жоготкон