Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 368 токтому менен бекитилген
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 704, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) шайкештик сертификаттарынын бланктарын, бирдиктүү формадагы шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарын (мындан ары - бланктар) берүүнүн мөөнөтүн жана ырааттуулугун аныктайт.
2. Бланктарды берүүнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу сертификат боюнча расмий өкүлү, бажы союзунун сертификатташтыруу жана сыноо лабораториялары боюнча органдардын Бирдиктүү реестринин (мындан ары - борборлор) улуттук бөлүгүнө киргизилген Кыргыз аккредитациялоо борбору (мындан ары - КАБ) шайкештик сертификаттарынын бланктарын алуу боюнча билдирүүнүн (мындан ары - билдирүү) негизинде ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бланктарды берүү, кайтаруу тартиби
3. КАБдан алгачкы жолу бланктарды алууда ушул жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча билдирүү гана берилет.
4. Бланктарды кайрадан алууда билдирүү КАБга төмөнкү документтер менен кошо берилет:
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча бланктарды пайдалануу тууралуу отчет;
- ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча бузулган бланктарды эсептен чыгаруу жөнүндө актынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык формада бланктардын жоголгондугу билинген факты боюнча актынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
5. Эгерде маалыматтардын толук эместиги же туура келбестиктер билинсе, КАБ билдирүүнү канааттандыруудан баш тартат.
6. Билдирүү канааттандырылууга тийиш, эгерде сертификатташтыруу боюнча органдын тескөөсүндө калган бланктардын саны акыркы билдирүү боюнча берилген бланктардын санынан 20 (жыйырма) пайыздан ашпаса. Бул шарт аткарылбаган учурда КАБ билдирүүнү канааттандыруудан баш тартат.
7. Сертификатташтыруу боюнча орган сын-пикирлер жоюлгандан кийин КАБга бланктарды алуу үчүн жаңы билдирүү берүүгө укуктуу.
8. КАБ алгачкы жолу бланктарды берүүдө билдирүү (каттоого) келип түшкөн күндөн тартып эки иш күндөн кечиктирбей 100 (жүз) даанадан ашпаган бланк берет. Кийин бланктар 1000 (миң) даанадан ашпаган санда берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 704 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Бланк алып жаткан билдирүүчү ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделген, бланктардын берилгенин эсепке алуу журналына алгандыгы тууралуу кол коюуга жана ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделген, бланктарды кабыл алуу - өткөрүп берүү актына кол коюуга милдеттүү.
10. Эгерде бланктардан колдонууга болбой турган кемтиктер табылса, сертификатташтыруу боюнча орган үч күндүк мөөнөттө ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык форма боюнча эки нускада бланктардан табылган кемтиктер тууралуу акт түзүшөт жана 1 нускасын бланктар менен чогуу КАБга ушул Жобонун 8-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделген кабыл алуу-өткөрүп берүү акты боюнча өткөрүп берет.
11. Эгерде кемтиктер табылган бланктардын саны мурда алынган бланктардын санынын 50 (элүү) пайызынан ашып кетсе, сертификатташтыруу боюнча орган КАБга активдештирилген бланктардын санына барабар санда бланк алуу үчүн билдирүү берет.
3. Корутунду жоболор
12. Сертификатташтыруу боюнча орган үч күндүн ичинде кызыкдар болгон органдарды (бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды, тийиштүү продукциялар үчүн мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдү) ишке ашырган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды) бланктар жоголгон бардык учурлар, номерлерин көрсөтүү менен жоголгон жагдайлар, күнөөлүү жана жоопко тартылган жактар жөнүндө, ошондой эле бланктардын жоголушун болтурбоого багытталган уюштуруучу чаралар тууралуу маалыматтарды расмий, жазуу жүзүндө маалымдоо жолу аркылуу жана сертификатташтыруу боюнча органдын расмий сайтына жайгаштыруу менен маалымдайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Эгерде сертификатташтыруу боюнча орган жоголду деп саналган бланк табылса, сертификатташтыруу боюнча орган үч күндүн ичинде бланкты КАБга жөнөтөт, ал жок кылынууга тийиш.
14. Сертификатташтыруу боюнча органдын аккредитациялоо аттестатынын колдонулушун токтотууда аккредитациялоо аттестатынын колдонулушун токтотуу же сертификатташтыруу боюнча органды жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде КАБга колдонулбаган бланктарды тиркөө менен, бланктардын колдонулушу жөнүндө отчет жиберет.
15. Бардык иш-аракеттер сертификатташтыруу боюнча органды жоюу жол-жоболору аяктаганга чейин ишке ашырылууга тийиш.
16. Сертификатташтыруу боюнча органдын аттестаты аккредитациялоо аракеттери жаңыртылгандан кийин гана билдирүү берүүгө мүмкүн.
17. Бланктар КАБдын жооптуу кызматкери тарабынан КАБдын иштөө графигине ылайык берилет.
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси
Форма
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун директору _______________________________ (аты-жөнү)
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формадагы бланктарын алууга БИЛДИРҮҮ (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык) Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формадагы бланктарын алууга ________________________________ (алгачкы же экинчи жолку) билдирүү Бланктарды __________________________________________________________ (бланктардын аталышы) ____________________________________ (жазуу жүзүндө) санда берүүңүздү өтүнөм. Уюмдун аталышы __________________________________________________________ ИНН ___________________________, ОКП _____________________________________ Юридикалык дареги ________________________________________________________ Сертификатташтыруу боюнча органдын аталышы _______________________________ Аккредитациялоо жөнүндө аттестаттын номери жана берилген дата ________________ _________________________________________________________________________ Бирдиктүү документ берүү менен, шайкештигин милдеттүү түрдө баалоого (ырастоого) тийиш болгон, Продукциялардын бирдиктүү тизмесине киргизилген продукциялардын шайкештигине баалоо жүргүзүү, же продукциянын шайкештигин баалоону Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык ишке ашыруу (керектүүсүн билдирүүдө көрсөткүлө). Билдирүү үчүн жооптуу адам _______________________________________ (аты-жөнү) Тел./факс ______________________, электрондук почта _________________________ Бланктарды экинчи жолу алууда билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет:
1. Шайкештик сертификаттарынын бланктарын колдонгондугу тууралуу отчет.
2. Бузулган бланктарды эсептен чыгаруу жөнүндө акттын көчүрмөсү.
3. Бланктардын жоголгондугу билинген фактылар боюнча акттын көчүрмөсү.
Сертификатташтыруу боюнча органдын жетекчиси
________________________________
________________________
(аты-жөнү)
(колу)
М.О.
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси
Форма
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун директоруна ______________________________ (аты-жөнү)
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын пайдалануу жөнүндө ОТЧЕТ (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык) 20__-ж. "__" ___________ тартып 20__-ж. "__" __________ чейин. Сертификаттоо боюнча органдын аталышы, аккредитациялоо жөнүндө аттестаттын номери жана берилген күнү: _________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________
1. Отчеттук мезгилдин башталышына карата болгон бланктардын саны _________ даана, анын ичинен:
мурунку отчет боюнча калган бланктар __________________ (саны) даана, бланктардын номерлери ____________________________________________________ ________________________________________________________________________; отчеттук мезгилде алынган _______________ (саны) даана, бланктардын номерлери ____________________________________________________ ________________________________________________________________________.
2. Бланктарды отчеттук мезгилде пайдалануу:
а) Берилди ____________ (саны) даана, анын ичинен:
мурунку отчет боюнча калган бланктардан ___________ (саны) даана, бланктардын номерлери ____________________________________________________ ________________________________________________________________________; отчеттук мезгилде алынган бланктардан ____________ (саны) даана, бланктардын номерлери ____________________________________________________ ________________________________________________________________________;
б) Бузулган ___________ (саны) даана, анын ичинен:
мурунку отчет боюнча калган бланктар ____________ (саны) даана, бланктардын номерлери ____________________________________________________ ________________________________________________________________________; отчеттук мезгилде алынган бланктардан __________ (саны) даана, бланктардын номерлери ____________________________________________________ ________________________________________________________________________;
в) Жоголгондор __________ (саны) даана, анын ичинен:
мурунку отчет боюнча калган бланктар ___________ (саны) даана, отчеттук мезгилде алынган бланктардан ___________ (саны) даана;
г) Кемтиктер табылган бланктар __________ (саны) даана, анын ичинен:
мурунку отчет боюнча калган бланктар __________ (саны) даана, бланктардын номерлери ____________________________________________________ ________________________________________________________________________; отчеттук мезгилде алынган бланктардан ___________ (саны) даана, бланктардын номерлери ____________________________________________________ ________________________________________________________________________.
3. 20__-ж. "___" __________ карата _________ даана бланк бар.
бланктардын номерлери ____________________________________________________ ________________________________________________________________________.
4. Ушул отчётто келтирилген маалыматтарды ырастайбыз.
Сертификаттоо боюнча органдын жетекчиси:
________________________,
________________________________
(колу)
(аты-жөнү)
М.О.
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси
Форма
Бекитем
Жетекчи
___________________________________
(сертификаттоо боюнча органдын аталышы)
М.О.
__________
________________
(колу)
(аты-жөнү)
20__-ж. "__" ___________
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларынын бузулгандарын эсептен чыгаруу жөнүндө АКТ ______________________________________________________________ (бланктын түрү) Акт төмөнкү курамдагы комиссия тарабынан түзүлдү: Комиссиянын төрагасы: ____________________________________________________ ___________________________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) Комиссиянын мүчөлөрү: ____________________________________________________ ___________________________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) ___________________________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) _________________________________________________________________________ Төмөнкүнүн негизинде дайындалган __________________________________________ _________________________________________________________________________ ____________________________________ (документтин аталышы, номери жана датасы)
№
Бланктын номери
Документ жазылып берилген продукциянын аталышы
Документти алуучу уюм
Бланктын бузулган себеби (берилген жок)
Эскертүү
1
2
3
4
5
6
Комиссиянын чечими жана сунушу: _________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________ Комиссиянын төрагасы:
_______________________
________________________________
(колу)
(аты-жөнү)
Комиссиянын мүчөлөрү:
_______________________
________________________________
(колу)
(аты-жөнү)
20__-ж. "__" ______________
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө жобонун 4-тиркемеси
Форма
Бекитем
Жетекчи
___________________________________
сертификатташтыруу боюнча орган
М.О.
__________
________________
(колу)
(аты-жөнү)
20__-ж. "__" ___________
Шайкештик сертификаттарынын бланктарынын (шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарын) жоголгондугу билинген фактылар боюнча АКТ __________________________________________________________ (бланктардын түрү) Акт төмөнкү курамдагы комиссия тарабынан түзүлдү: Комиссиянын төрагасы ___________________________________ (кызматы, аты-жөнү) Комиссиянын мүчөлөрү ___________________________________ (кызматы, аты-жөнү) _______________________________________________________ (кызматы, аты-жөнү) _________________________________________________________________________ Ким тарабынан дайындалган ________________________________________________ _________________________________ (документтин аталышы, номери жана датасы)
№
Бланктын номери
Бланктын жоголгон себеби
Бланктын жоголушуна катышы бар адамдар
Эскертүү
1
2
3
4
5
Комиссиянын чечими жана сунушу: ___________________________________________ _________________________________________________________________________ Комиссиянын төрагасы
______________________
___________________________________
колу
(аты-жөнү)
Комиссиянын мүчөлөрү:
______________________
___________________________________
колу
(аты-жөнү)
______________________
___________________________________
колу
(аты-жөнү)
20__-ж. "___" ____________
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө жобонун 5-тиркемеси
Форма Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүүнү эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
Арыздын номери
Арыздын датасы
Сертификаттоо боюнча органдын аккредитациялоо аттестатынын катталган номери
Сертификаттоо боюнча органдын аталышы
Бланктарды берүүгө жооптуу адамдын аты-жөнү
Бланкты алган адамдын аты-жөнү
Алган күнү
Берилген бланктардын (тиркемелердин) саны
Бланктардын номеринин диапазону
1
2
3
4
5
6
7
8
9
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө жобонун 6-тиркемеси
Форма Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын кабыл алуу-өткөрүп берүү АКТЫСЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык) __________________________________________________________________ (бланктардын түрү) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун атынан сертификаттоо боюнча органдын ___________________________________________ (юридикалык жактын аталышы көрсөтүлөт) карамагына Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарын жана аларга тиркемелерди _______________________________ (саны көрсөтүлөт) санда өткөрүп бердим, диапазону _________________ (бланктын номери) ден _________________ (бланктын номери) ге чейин. Сертификаттоо боюнча органдын атынан: __________________________________________________ _________________________________________ (юридикалык жактын аталышы, кызматы көрсөтүлөт). Жогоруда аталган Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарын жана аларга тиркемелерди кабыл алдым. Аталган адамдардын колу: Сертификаттоо боюнча органдын атынан:
_________________________
______________________________
(колу)
(аты-жөнү)
КАБдын атынан:
_________________________
______________________________
(колу)
(аты-жөнү)
20__-ж. "__" _____________
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө жобонун 7-тиркемеси
Форма
Бекитем
Жетекчи
_________________________________
(сертификаттоо боюнча органдын
_________________________________
аталышы)
М.О.
__________
________________
(колу)
(аты-жөнү)
20__-ж. "__" ___________
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларында кемтиктердин табылгандык фактылары боюнча кабыл алуу-өткөрүп берүү АКТЫСЫ _________________________________________________________ (бланктардын түрү) Акт төмөнкү курамдагы комиссия тарабынан түзүлдү: Комиссиянын төрагасы ____________________________________ кызматы, аты-жөнү Комиссиянын мүчөлөрү ____________________________________ кызматы, аты-жөнү ________________________________________________________ кызматы, аты-жөнү Ким тарабынан дайындалган ________________________________________________ __________________________________ (документтин аталышы, номери жана датасы)
№
Бланктын номери
Кемтиктин баяндамасы
Эскертүү
1
2
3
4
Комиссиянын төрагасы
_________________________
______________________________
(колу)
(аты-жөнү)
Комиссиянын мүчөлөрү:
_________________________
______________________________
(колу)
(аты-жөнү)
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө жобонун 8-тиркемеси
Форма Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын даярдоодо кемтиктер кеткен бирдей формадагы бланктарын кабыл алуу-өткөрүп берүү АКТЫСЫ __________________________________________________________ (бланктардын түрү) Сертификаттоо боюнча органдын атынан ______________________________________________ _____________________________________ (юридикалык жактын аталышы, кызматы көрсөтүлөт) Даярдоодо кемчиликтер кеткен бланктарды төмөндөгү таблицага ылайык өткөрүп берем. КАБдын атынан: ____________________________________________________________ ___________________________________ (жооптуу кызматчынын аты-жөнү көрсөтүлөт) төмөндө келтирилген таблицага ылайык бланктарды кабыл алдым.
№
Бланктын номери
Кемчиликтин себеби
Эскертүү
1
2
3
4
Аталган адамдын колу: Сертификаттоо боюнча органдын атынан:
_________________________
______________________________
(колу)
(аты-жөнү)
КАБдын атынан:
_________________________
______________________________
(колу)
(аты-жөнү)
20__-ж. "__" _____________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 368 "Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын…Постановление · 16.06.2015 · № 368
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.