Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 16-июну № 368 Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021- жылдын 1-апрелиндеги № 128, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимдин 53-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Өкмөтүнүн 2021- жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү…Положение · 16.06.2015 · № 368
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №128 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Аккредитациялоо борбору жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2010 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Минстрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин техникалык…Постановление · 17.02.2023 · № 78
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 704 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.12.2016 · № 704
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.