Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 11-январы № 16 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
С. Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) 69-статьясына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 69-статьясында:
а) 3-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3) өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн белгиленген жаза мөөнөтүнүн төрттөн үч бөлүгүнөн кем эмес;”;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:
“(31) Шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулуучу соттолгондор:
1) мындай көз карандылык болгон учурда баңги жана/же ууландыруучу заттарга көз карандылыктан, же кургак учук менен ооруса кургак учуктан дарылануу курсунан өткөндөргө;
2) кылмыштан улам келтирилген материалдык зыяндын жарымынан кем эмес бөлүгүн төлөп бергендерге.”;
в) 7-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
“4) соттолгон адам жаңы кылмыш жасап жана сот мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууну жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарса, кайрадан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулбайт.”;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
“(10) Эркиндигинен өмүр бою ажыратуу жазасын өтөп жаткан мезгилде жаңы оор же өзгөчө оор кылмыш жасаган соттолгондор шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотууга сунушталбайт.”.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 156-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 50-статьясында:
а) мамлекеттик тилдеги тексттин 2-бөлүгү “үчүн” деген сөздөн кийин “төмөнкүлөргө которулушу мүмкүн” деген сөздөр менен толукталсын;
б) мамлекеттик тилдеги тексттин 2-бөлүгүнүн 4-пунктундагы “которулушу мүмкүн” деген сөздөр алып салынсын;
в) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-8-пункттар менен толукталсын:
“7) эркиндигинен ажыратуу жайларындагы уюшкан криминалдык топтордун мүчөлөрү, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу бирикменин (кылмыштуу уюмдун), куралданган топтун (банданын) курамында кылмыш кылган соттолгондор;
8) эркиндигинен ажыратуу жайларынан же камактан качкандыгы үчүн мурда соттолгондор.”;
г) мамлекеттик тилдеги тексттин 3-бөлүгү “Төмөндөгүлөр” деген сөздөн кийин “жатак абакка которулбайт” деген сөздөр менен толукталсын;
д) мамлекеттик тилдеги тексттин 3-бөлүгүнүн 2-пунктундагы “жатак абакка которулбайт” деген сөздөр алып салынсын;
2) 85-статьясынын 5-бөлүгүндөгү “козголушу мүмкүн” деген сөздөр “козголот” деген сөз менен алмаштырылсын;
3) 145- статьясынын 11-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“(11) Шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдар, эгерде мыйзамда каралган учурларда эркиндигинен ажыратуу жайларына жиберилген болсо, кайрадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга сунушталбайт. Жазаны жеңилирээк түрүнө алмаштырууну алып салуу жөнүндө токтом чыккан күндөн тартып алты айдан кем эмес убакыт өткөндөн кийин адамдар кайрадан жазанын жеңилирээк түрүнө алмаштырууга сунушталышы мүмкүн.”.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 30-мартындагы № 1454-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.03.2017 · № 1454-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 20-апрелиндеги № 1518-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын…Постановление · 20.04.2017 · № 1518-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 4-майындагы № 1556-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.05.2017 · № 1556-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Жазык-аткарууКодекс · 13.12.1999 · № 142 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон