Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 „Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 2-августу № 426 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин натыйжалуулугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомун, ошондой эле "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесин ишке ашыруу зарылчылыгын көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 2-пункттагы "191" деген цифралар "194" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 3 жана 5-пункттардагы түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз-Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жободо:
- 7-пункттун он тогузунчу абзацындагы "кодификациялоону жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пункттагы "бөлүмдөрдүн" деген сөз "Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп эсептелет.";
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басарлары (анын ичинде биринчиси) Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин сунушу боюнча өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) Премьер-министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.";
- 23-пунктта:
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн инспекторлорун, башкы эксперттерин, эксперттерин жана референттерин өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;"; он үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 24-пункт "Өкмөттүн Аппаратынын" деген сөздөрдөн кийин "өз алдынча" деген сөздөр менен толукталсын;
- 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери (бөлүмдөрдүн башчылары, жетекчилердин орун басарлары, секторлордун башчылары) Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын тейлөөчү вице-премьер-министри менен макулдашуу боюнча Премьер-министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин кеңешчилери, жардамчылары өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) Премьер-министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн инспекторлору, башкы эксперттери, эксперттери жана референттери, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин кеңешчилери жана жардамчылары Өкмөттүн Аппарат жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.";
- 26-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26-1. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ыйгарым укуктары тиешелүү түзүмдүк бөлүм жөнүндө жобо же түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси аларга тапшырган ыйгарым укуктар менен аныкталат.".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамдын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 29-июнунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө" жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген)Положение · 24.12.2010 · № 338
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы №338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2010 · № 338 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралууЗакон · 15.06.2011 · № 45
- Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 31.12.2015 · № 233
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы №338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2010 · № 338 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2016 · № 440-VI · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон