6-статья. Соттук аткаруучулардын ишин уюштуруу жана контролдук кылуу
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 2-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Соттук аткаруучулар Сот департаментинин директору жана областтык башкармалардын начальниктери тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
2. Сот департаментинин директору кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу, Сот департаментинин областтык башкармаларынын начальниктери - областтардын башкы соттук аткаруучулары болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу жана областтардын башкы соттук аткаруучулары, ошондой эле улук соттук аткаруучулар соттук аткаруучулардын ишине жетекчилик кылат, алардын ишин уюштурат жана контролдойт, сот актыларынын жана башка органдардын актыларынын реалдуу, толук жана өз убагында аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-6" title="6-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>