7-статья. Соттук аткаруучулардын ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 2-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Соттук аткаруучулардын ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Соттук аткаруучуларга класстык чендер берилет, ченди берүүнүн жана андан ажыратуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
3. Соттук аткаруучулардын эмгек акысы кызматтык акыдан, класстык чен үчүн үстөк акыдан, көп жылдык кызматы үчүн үстөк акыдан, ошондой эле сыйлык акы жана башка үстөк акылардан турат.
4. Өргүү берүү, пенсия менен камсыз кылуу, ошондой эле үстөк акыларды төлөп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
5. Соттук аткаруучу кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү менен:
- такси жана жеке автотранспорттон тышкары шаардык, шаардын айлана-тегерегиндеги жана жергиликтүү каттамдагы транспорттордун бардык түрлөрүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте акысыз пайдаланууга;
- кызматтык иш сапарына жөнөтүүдө жол жүрүү документтерин жана мейманканадан орунду кезексиз алууга укуктуу.
6. Депозиттик эсептин тескөөчүсү болуп улук соттук аткаруучу саналат.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-7" title="7-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>