5-статья. Соттук аткаруучуга коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 2-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Жыйырма беш жашка чыккан, жогорку юридикалык билими бар, соттолбогон жана ден соолугу боюнча ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны соттук аткаруучу боло алат.
2. Соттук аткаруучу өз ишин мыйзамга ылайык жүргүзүүгө, аткаруу документтерин реалдуу, толук жана өз убагында аткаруу үчүн бардык мыйзамдуу чараларды көрүүгө жана өз ишинде жарандар менен юридикалык жактардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын кысымга алынышына жол бербөөгө милдеттүү.
3. Соттук аткаруучулар кызматынын бөлүм жетекчиси болуп улук соттук аткаруучу саналат.
Соттук аткаруучуга коюлган талаптарга жооп берген жана соттук аткаруучу болуп кеминде бир жыл практикалык иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны улук соттук аткаруучу боло алат.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-5" title="5-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>