56-статья. Карызкордун мүлкүн тизмелөө
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Соттук аткаруучу өндүрүп алуучуга берилген сумманы жана аткаруу боюнча чыгымдарды тындыруу үчүн зарыл болгон санда карызкордун мүлкүн тизмелейт. Соттук аткаруучу тизмеленген мүлктү мөөр басып, жаап коюуга укуктуу.
2. Карызкордун мүлкүн тизмелөө карызкордун жана далил күбөлөрдүн, ал эми зарылчылык болгондо ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен жүргүзүлөт. Карызкор жок болгон учурда тизме анын үй-бүлөсүнүн бойго жеткен мүчөсүнүн кимдир-бирөөсүнүн, уюмдун кызмат адамдарынын, ал эми алар жок болгон учурда турак-жай пайдалануу уюмунун ыйгарым укуктуу адамынын, бул уюмдун жооптуу кызматкерлеринин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүлөт.
Мүлктү тизмелөөдө карызкор өндүрүп алуу биринчи кезекте кайсы буюмдарга бурулууга тийиш экендигин билдирүүгө укуктуу. Эгерде мындай билдирүү аткаруу өндүрүшүнүн принциптерине жана милдеттерине тоскоолдук кылбаса, соттук аткаруучу мындай билдирүүнү канааттандырат.
3. Тизмеленип жаткан бардык мүлк далил күбөлөргө жана башка катышып жаткан адамдарга көрсөтүлүүгө жана мүлктү тизмелөө актысында саналууга тийиш.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
56-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-56" title="56-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>