55-статья. Карызкордун мүлкүнө камак салуу
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Аткаруу документин аткарууну камсыз кылуу максатында карызкордун мүлкүнө камак салуу мүлктү тизмелөө, аны тескөөгө тыюу салууну жарыялоо, ал эми зарылчылык болгон учурда - аларды пайдалануу укугун чектөө, ошондой эле аны алып коюу же сактоого берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Карызкордун мүлкүнө камак салуу түрүн, көлөмүн жана мөөнөтүн соттук аткаруучу ар бир конкреттүү учурда мүлктүн касиетин, менчиктөөчү же ээси үчүн анын маанилүүлүгүн, чарбада, турмуш-тиричиликте жана башкача пайдалануу өзгөчөлүктөрүн жана аткаруу документин аткарууну камсыз кылуунун башка кырдаалдарын эске алуу менен аныктайт. Карызкордун мүлкүн тизмелөө учурунда табылып камак салынган акча каражаттары, анын ичинде чет өлкөлүк валюта, баалуу металлдар жана асыл таштар, баалуу металлдардан, асыл таштардан жана берметтен жасалган зергердик жана башка буюмдар, ошондой эле ушундай буюмдардын сыныктары жана айрым бөлүктөрү, антиквариат, искусство жана скульптура чыгармалары, баалуу кагаздар милдеттүү түрдө алып коюлууга тийиш. Тез бузулуучу мүлк алып коюлат жана сатуу үчүн тез арада берилет.
2. Карызкордун өзүнчө менчик, чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугунда (жарандык мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен) таандык болгон мүлкүнө ал кайда жана иш жүзүндө кимдин пайдалануусунда болгондугуна карабастан камак салынат.
3. Эгерде карызкордун мүлкү башка адамдарда болушу алардын ортосунда түзүлгөн келишим менен шартталган болсо, келишимден келип чыккан мүлктү алып коюу жөнүндө укукту башка адамдар сактап калышынын мүмкүнчүлүгү тууралу маселени сот доо ишинин тартибинде чечет.
4. Тизмеленген мүлктү тескөөгө жана (же) пайдалануу укугун чектөө, ошондой эле аны алып коюу же сактоого берүү жөнүндө соттук аткаруучу жарыялагандан кийин бул мүлк камакка салынды деп эсептелет.
5. Камак салынган мүлктү тескөөгө же пайдаланууга соттук аткаруучунун тыюу салуусун же чектөөлөрүн бузуу ага тете алып коюлган же сактоого берилген камак салынган мүлктү тескөө же пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
6. Карызкордун мүлкүнө камак салынгандыгы жана тыюу салуу жарыялангандыгы, пайдалануу укугу чектелгендиги, ошондой эле алып коюлгандыгы жана сактоого берилгендиги жөнүндө соттук аткаруучу жүйөсү көрсөтүлгөн токтомду чыгарат. Ушундай эле тартипте көрүлгөн камсыз кылуу чаралары аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жана тиешелүү органдарга кабарлоо менен токтотулат жана алып салынат.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
55-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-55" title="55-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>