57-статья. Мүлктү тизмелөө жөнүндө актынын мазмуну
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Мүлктү тизмелөө жөнүндө актыда:
1) акт түзүлгөн дата, убакыт жана орду;
2) актыны түзгөн соттук аткаруучунун, ошондой эле мүлктү тизмелөөгө катышкан адамдардын фамилиясы, аты-жөнү;
3) чечими аткарылып жаткан соттун аталышы;
4) өндүрүп алуучунун жана карызкордун аталышы;
5) актыга киргизилген ар бир буюмдун аталышы, анын айырмаланган белгилери (салмагы, метражы, эскирүү деңгээли жана башкалар), ар бир буюмдун өз баасы жана бардык мүлктүн наркы;
6) эгерде ал жүргүзүлгөн болсо, буюмдарды мөөрлөп бекитип коюу жөнүндө белги;
7) эгерде мүлктү сактоо милдети карызкордун өзүнө жүктөлбөсө, мүлк сактоого берилген жактын аталышы, анын дареги;
8) карызкорго, далил күбөлөргө жана башка катышуучу адамдарга алардын укуктары менен милдеттерин, соттук аткаруучунун иш-аракеттерине даттануу тартибин жана мөөнөтүн түшүндүрүү тууралу, ошондой эле карызкорго же мүлктү сактоочуга мүлктү сактоо боюнча алардын милдеттерин түшүндүрүү жөнүндө жана өздөрүнө сактоого берилген тизмеленген мүлктү чыгымдагандыгы, оолактаткандыгы же жаап-жашыргандыгы үчүн жоопкерчилик тууралу аларды эскертүү жөнүндө белги;
9) өндүрүп алуучунун, карызкордун, далил күбөлөрдүн жана мүлктү тизмелөөгө катышкан башка адамдардын сын-пикирлери жана арыздары, алар боюнча соттук аткаруучунун буйруктары көрсөтүлүүгө тийиш.
2. Мүлктү тизмелөө жөнүндө актыга соттук аткаруучу жана мүлктү тизмелөөгө катышкан адамдар кол коет.
3. Мүлктү тизмелөө жөнүндө актынын көчүрмөсү карызкорго жана тизмеленген мүлктү сактоочуга берилет. Эгерде мүлктү тизмелөө мүлктү конфискациялоо жагынан соттун өкүмүнүн же башка органдардын актысынын негизинде болбосо мүлктү мамлекетке өткөрүп берүү жөнүндө сот актысынын же башка органдын актысынын негизинде жүргүзүлсө, тизмелөө актысы ошондой эле тиешелүү финансы органына жиберилет.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
57-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-57" title="57-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>