45-статья. Аткаруу өндүрүшүнө эксперттин (адистин) катышуусу
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 4-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 марта 2015 года № 57
1. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү учурунда келип чыккан, атайын билимди талап кылган маселелер боюнча корутунду берүү үчүн соттук аткаруучу аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен экспертизаны дайындайт же адисти тартат, бул жөнүндө тиешелүү токтом чыгарат. Зарылчылык болгон учурда бир нече эксперт (адис) тартылышы мүмкүн.
2. Корутунду берүү үчүн зарыл билими бар, аткаруу өндүрүшүнүн натыйжасына кызыкчылыгы жок ар кандай адам эксперт (адис) катарында тартылышы мүмкүн. Корутунду жазуу жүзүндө берилет.
3. Эксперт (адис) соттук аткаруучунун чакыруусу боюнча келүүгө жана анын алдына коюлган маселелер боюнча калыс корутунду берүүгө милдеттүү. Эгерде коюлган маселе боюнча эксперттин (адистин) атайын билимин талап кылса же ага берилген материалдар корутунду берүү үчүн жетишсиз болсо, эксперт (адис) корутунду берүү мүмкүнчүлүгү жок экендиги жөнүндө соттук аткаруучуга жазуу жүзүндө билдирет.
4. Эксперт (адис): изилдөө предметине кирген аткаруу өндүрүшүнүн материалдары менен таанышууга; корутунду берүү үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды алуусу жөнүндө өтүнүүгө; зарыл учурларда аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүгө катышууга укуктуу. Эксперт (адис) ошондой эле аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүгө байланыштуу жүргүзүлгөн ишти аткаргандыгы үчүн сый акы алууга укуктуу. Бул сый акы жана экспертизаны жүргүзүүгө кеткен башка чыгымдар аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча чыгымдарга кирет.
5. Эксперт (адис) корутунду берүүдөн баш тарткандыгы же кетенчиктегендиги болбосо билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат, бул жөнүндө ага тиешелүү жазуу жүзүндөгү эскертүү жасалат.
(КР 2015-жылдын 13-мартындагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
45-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-45" title="45-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>