46-статья. Аткаруу өндүрүшүндөгү четтетүү
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 4-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Эгерде соттук аткаруучу, котормочу, эксперт (адис), далил күбө тараптардын, алардын өкүлдөрүнүн же аткаруу өндүрүшүнө катышкан башка адамдардын тууганы болуп саналса, болбосо аткаруу өндүрүшүнүн жыйынтыгына жеке, тике же кыйыр кызыкчылыгы болсо, же алардын адилеттүүлүгүнө шек келтирген башка кырдаалдар болсо, алар аткаруу өндүрүшүнө катыша албайт жана четтетилүүгө тийиш.
Эксперт (адис):
1) ал тараптарга, аткаруу өндүрүшүнө катышкан башка адамдарга же алардын өкүлдөрүнө кызматтык же башка көз карандылыкта турса же буга чейин турган болсо;
2) ал текшерүү жүргүзгөн болсо же жаза же жарандык ишти, болбосо административдик ишти козгоого негиз болгон башка материалдарды чогулткан болсо;
3) анын компетентсиздиги билинген учурларда да четтетилет.
2. Четтетүү жөнүндө талаптар жайылтылган адамдарды четтетүү үчүн кырдаалдар болгон учурда, алар өздөрү четтүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн адамды ошол эле негиздер боюнча четтетүүнү өндүрүп алуучу же карызкор, же алардын өкүлдөрү өтүнүшү мүмкүн. Четтетүү аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү башталганга чейин жүйөсү көрсөтүлүүгө жана жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш, буга аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү башталгандан кийин четтетүү үчүн негиз бар экендиги жөнүндө белгилүү болгон учурлар кирбейт.
3. Соттук аткаруучуну четтетүү жөнүндө маселени улук соттук аткаруучу болбосо Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу же областтык башкы соттук аткаруучу чечет, ал эми котормочуну, экспертти (адисти), далил күбөнү четтетүү жөнүндө маселе соттук аткаруучу тарабынан чечилет, бул жөнүндө тиешелүү токтом чыгарылат.
4. Соттук аткаруучуну четтетүү жөнүндө арыз канааттандырылган учурда, улук соттук аткаруучу болбосо Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучу же областтык башкы соттук аткаруучу бир эле учурда четтетилген соттук аткаруучу аткарууга тийиш болгон аткаруу документин башка соттук аткаруучуга же соттук аткаруучулар кызматынын башка бөлүмүнө берүү жөнүндө маселени чечет.
5. Четтетүүдөн баш тартуу жөнүндө токтомго жогору турган соттук аткаруучуга же мыйзамда белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.
Даттанууну берүү аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүнү токтотпойт.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
46-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-46" title="46-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>