44-статья. Аткаруу өндүрүшүнө далил күбөнүн катышуусу
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 4-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Төмөнкүдөй учурларда:
1) өндүрүп алуучунун же карызкордун талабы боюнча;
2) үйгө киргизүү же үйдөн чыгаруу жөнүндө чечимди аткарууда, карызкордун мүлкүн тизмелөө, камак салуу, алып коюу жана анын турак-жайын, имарат-жайларын жана сактоочу жайларын ачуу, карап чыгуу менен байланышкан иш-аракет учурунда;
3) мыйзамдарда каралган башка учурларда далил күбө милдеттүү түрдө катышат.
2. Башка учурларда далил күбөлөр соттук аткаруучунун өз ыктыяры боюнча чакырылат.
3. Аткаруу өндүрүшүнүн жыйынтыгына кызыкчылыктары жана өз ара же аткаруу өндүрүшүнүн катышуучулары менен туугандыгы жок, ага баш ийбеген же анын контролунда турбаган аракетке жарамдуу бардык жарандар далил күбө катары тартылышы мүмкүн. Далил күбөлөрдүн саны экиден кем болбоого тийиш.
4. Аткаруу иш-аракеттери башталаар алдында соттук аткаруучу аткаруу иш-аракетине далил күбөлөрдүн катышуу тартибин, ошондой эле алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.
5. Далил күбө өзү кайсы аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн чакырылып жаткандыгын, алар кайсы аткаруу документтеринин негизинде жүргүзүлүп жаткандыгын билүүгө укуктуу, бул иш-аракеттер боюнча сын-пикирин айтууга укуктуу. Далил күбөнүн сын-пикирлери тиешелүү актыга жазылууга тийиш.
6. Далил күбө өзү катышкан аткаруу иш-аракеттеринин фактысын, мазмунун жана натыйжасын тиешелүү аткаруу иш-аракетинин актысындагы колтамгасы менен күбөлөндүрүүгө милдеттүү.
7. Далил күбө өзү далил күбөнүн милдеттерин аткарышына байланыштуу тарткан чыгымдарынын ордун толтурууга укуктуу. Бул чыгымдар аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча чыгымдарга кирет.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
44-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-44" title="44-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>