43-статья. Аткаруу өндүрүшүнө котормочунун катышуусу
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 4-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүдө аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдар өз демилгеси боюнча же соттук аткаруучунун сунушу боюнча котормочуну чакыра алат.
Аткаруу өндүрүшүнүн жыйынтыгына кызыкчылыгы жок, аракетке жөндөмдүү, которуу үчүн зарыл болгон тилди билген бардык жаран котормочу боло алат.
2. Котормочунун кызмат көрсөтүүсү зарыл болгон адамга котормочуну чакыруу мөөнөтү берилет. Эгерде көрсөтүлгөн адам соттук аткаруучу белгилеген мөөнөттө котормочунун катышуусун камсыз кылбаса, котормочу соттук аткаруучунун токтому менен дайындалышы мүмкүн.
3. Котормочу өз эмгеги үчүн акы алууга укуктуу. Ага төлөнгөн акы аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча чыгымдарга кирет.
4. Билип туруп туура эмес которгон учурда котормочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат, бул жөнүндө ал соттук аткаруучу тарабынан жазуу жүзүндө эскертилет.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
43-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-43" title="43-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>