42-статья. Мыйзамдуу өкүлдөр
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 4-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Аткаруу өндүрүшүндө эмгекке жараксыз жарандардын жана эмгекке жарактуулугу чектелген жарандардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын өз ыйгарым укуктарын далилдеген документтери бар мыйзамдуу өкүлдөр - алардын ата-энеси, асырап алуучулар, көзөмөлдүк кылуучулар же камкордук көрүүчүлөр коргойт.
Мыйзамдуу өкүлдөр аткаруу укугу сунуш кылынуучуларга таандык болгон бардык иш-аракеттерди сунуш кылынуучулардын атынан мыйзамда каралган чектөөлөр менен аткарат.
2. Белгиленген тартипте дарексиз деп табылган жаран катышууга тийиш болгон аткаруу өндүрүшү боюнча анын өкүлү катарында дарексиз адамдын мүлкү башкарууга берилген жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте өкүл болуп дайындалган адамдар чыгат.
3. Эгерде мурасты али эч ким кабыл ала элек болсо, өлгөн же белгиленген тартипте өлгөн деп жарыяланган адамдын мураскору катышууга тийиш болгон аткаруу өндүрүшү боюнча мурасты аткаруучу (сактоочу) же мураска калган мүлктү сактоо жана аны башкаруу үчүн дайындалган камкорчу мураскордун өкүлү катары чыгат.
4. Мыйзамдуу өкүлдөр аткаруу өндүрүшүнө катышууну өкүл катарында өзү тандаган башка адамга тапшыра алат.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
42-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-42" title="42-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>