14-статья. Соттук аткаруучунун токтому
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Ушул Мыйзамда каралган учурларда соттук аткаруучу тийиштүү токтом чыгарат.
2. Токтомдо:
1) токтом чыгарылган күн жана жер;
2) токтом чыгарган соттук аткаруучунун кызматы, фамилиясы, аты-жөнү;
3) токтом чыгарууга негиз болгон аткаруу өндүрүшү;
4) каралып жаткан маселенин маңызы;
5) мыйзамга жана башка ченемдик укуктук актыларга таянуу менен чечим чыгаруунун негиздемеси, ошондой эле чечим чыгарууда соттук аткаруучу жетекчиликке алган документ;
6) каралып жаткан маселе боюнча тыянак;
7) токтомго даттануунун тартиби жана мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Соттук аткаруучунун токтому жогорку турган соттук аткаруучуга же сотко аны менен таанышуу же аны чыгаруу жөнүндө маалымдоо алынган учурдан баштап он күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-14" title="14-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>