13-статья. Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусунун жана областтын башкы соттук аткаруучусунун ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу жана областтын башкы соттук аткаруучусу:
1) төмөн турган соттук аткаруучулардан аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын, документтерди жана аткаруу документтерин аткаруунун жүрүшүндөгү башка маалыматтарды текшерүү үчүн талап кылууга;
2) аткаруу өндүрүшү боюнча тигил же бул аткаруу иш-аракеттери жөнүндө кат жүзүндө көрсөтмө берүүгө;
3) ушул Мыйзамда каралган учурларда соттук аткаруучулардын токтомдорун бекитүүгө, ошондой эле алардын мыйзамсыз жана негизсиз токтомдорун алып салып, жаңыларын чыгарууга;
4) аткаруу өндүрүшүнө катышууга жана зарыл болгон учурда айрым аткаруу иш-аракеттерин жеке жүргүзүүгө же аткаруу документтерин толук көлөмүндө аткарууга катышууга, бул үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу өз карамагына ар кандай аткаруу документтерин, областтардын башкы соттук аткаруучулары - тийиштүү областтын аймагында аткарылууга тийиш болгон аткаруу документтерин аткарууга кабыл алууга укуктуу;
5) аткаруу өндүрүшүнүн маселелерин камсыз кылуу үчүн аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын бир соттук аткаруучудан (соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнөн) алып жана башка соттук аткаруучуга (соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнө) берүүгө;
6) аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө соттук аткаруучу мыйзамды бузууга жол берген учурларда аны аткаруу өндүрүшүн андан ары жүргүзүүдөн четтетүүгө;
7) соттук аткаруучулардын иш-аракетине даттанууларды кароого;
8) ушул Мыйзамда каралган соттук аткаруучулардын башка укуктарын жана милдеттерин пайдаланууга укуктуу.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-13" title="13-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>