15-статья. Аткаруу документтеринин түрлөрү
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
15-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 15-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Төмөнкүлөр:
1) соттордун чечимдеринин, өкүмдөрүнүн, аныктамаларынын жана токтомдорунун, сот бекиткен жарашуу макулдашууларынын, эл аралык жана чет өлкөлүк соттордун жана арбитраждардын чечимдеринин негизинде соттор берген аткаруу барактары;
2) соттук буйруктар;
3) доону камсыз кылуу тартибинде чыгарылган соттун аныктамалары;
4) нотариалдык органдардын аткаруу жазуулары;
5) төлөмөрдүн эсебинде акча каражаттары жок экендиги жөнүндө банктардын жана башка кредиттик мекемелердин белгиси коюлган инкассалык тапшырмалар;
6) өспүрүмдөрдүн иши боюнча акча өндүрүп алуу жөнүндөгү комиссиялар берген токтомдор;
7) административдик укук бузуулар жөнүндө ишти кароого ыйгарым укуктуу органдар (кызмат адамдары) чыгарган токтомдор;
8) эмгектик талаштар боюнча комиссиялардын жана кесиптик бирликтер органдарынын чечимдеринин негизинде берилген күбөлүктөр;
9) турак-жай бөлмөсүн уруксаты жок ээлеп алган же ураганы калган үйлөрдө жашаган жарандарды административдик тартипте көчүрүү жөнүндө прокурордун токтому;
10) мыйзамда каралган учурда башка органдардын актылары аткаруу документтери болуп саналат.
2. Аткаруу документинин түп нускасы жоголгон учурда сот же жоголгон аткаруу документин берүүгө негиз болгон акт чыгарган башка орган дубликат бере алат.
Көчүрмөлөр аткаруу документтери болуп саналбайт.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-15" title="15-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>