Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
15-статья. Муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүү
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 4-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2023 года № 147
1. Муниципалдык менчик объекттери жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга жана ижарага берилиши мүмкүн.
Менчик ээлеринин көп квартиралуу үйлөрүнүн алдындагы жер участокторун кошуп, көп квартиралуу үйдүн имарат жайларындагы жалпы мүлктү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пайдаланууга жана ижарага берүүгө укуксуз. Муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүү, ушул Мыйзамдын 16-статьясында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, жергиликтүү кеңештердин чечимдеринде каралгандан башка учурларда, электрондук форматта "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте өткөрүлүшү мүмкүн болгон тооруктарды өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.
2. Тоорук өткөргөндө жана кыймылсыз муниципалдык мүлктү бир жылдык жана андан көбүрөөк мөөнөткө ижарага же пайдаланууга берүү жөнүндө келишим түзгөн учурда төмөнкүдөй жол-жоболор колдонулат:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кыймылсыз муниципалдык менчикти ижарага же пайдаланууга берүү ниети жөнүндө табыштаманы кабыл ала тургандыгы тууралу кулактандыруу жарыялайт. Жазуу жүзүндөгү билдирүү коомдук жайларда илинүүгө жана массалык маалымат каражаттарында жарыяланууга тийиш;
- кулактандырууда менчик, анын жайгашкан жери жана сыпатталышы, ижаралоо же пайдалануу укугун сатып алуунун эң төмөнкү баасы, ижаралоо же пайдалануу укугуна карата белгиленген шарттар же чектөөлөр, аукционду өткөрүү убактысы жана өтө турган жери көрсөтүлөт. Кулактандыруу сатыла турган күнгө кеминде 30 күн калганда жарыяланат;
- ичине табыштама салынып, чапталган конверттер баарына көрүнөө болгон коомдук жайда элдин көзүнчө ачылат. Ижаралоо же пайдалануу укугу эң жогорку бааны жана бул бүтүм үчүн белгиленген шарттарды канааттандырган шарттарды сунуш кылган адамга берилет. Коомчулукка конкурстун жыйынтыгы, анын ичинде конкурсту жеңип алуучунун аты-жөнү, баасы жана бул бүтүм боюнча ар кандай чектөөлөр жөнүндө коомдук жайда илинген жазуу жүзүндөгү билдирүү аркылуу жана бул маалыматты мүлккө муниципалдык менчиктин жергиликтүү реестрине киргизүү аркылуу билдирет.
3. Муниципалдык мүлктү ижарага же пайдаланууга берүүдөн түшкөн бардык кирешелер, комиссиялык, юридикалык жана башка чыгымдарды кармап калгандан кийин жергиликтүү бюджетке келип түшөт. Муниципалдык мүлк пайдаланууга же ижарага берилген адам, мамлекеттик каттоо органдарында каттоодон өтүү, ошондой эле ар кандай каттоо чыгымдары үчүн жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2016-жылдын 22-июнундагы № 84, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 июня 2016 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам проведения торгов, аукционов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 августа 2005 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О коммунальной собственности на имущество"Редакцияларды салыштыруу
25.07.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…башка учурларда, электрондук форматта "Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте өткөрүлүшү мүмкүн болгон тооруктарды … же пайдалануу укугуна карата белгиленген шарттар же чектөөлөр, алынып салынды: тендерди кошулду: аукционду өткөрүү убактысы жана өтө турган жери көрсөтүлөт. Кулактандыруу … ошондой эле ар кандай каттоо чыгымдары үчүн жоопкерчилик тартат.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2016-жылдын 22-июнундагы № алынып салынды: 84 кошулду: 84, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- Петровка айылдык кенешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 76-7 «Петровка айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө» токтомуПостановление · 26.12.2018 · № 76-7
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 "Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 29.03.2019 · № 142
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 8 "Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 12.03.2025 · № 8
- Төш-Булак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 12-августу № 01-6/13 “Комбайнды пайдаланууга берүү жөнүндө” токтомуПостановление · 12.08.2022 · № 01-6/13
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 61/XVII-6 "Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн муниципалдык менчигинде турган, Кайыңды…Постановление · 04.06.2026 · № 61/XVII-6
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2018-жылдны 19 апрелиндеги №68-27 "Муниципалдык спорт комплекси жөнүндө"токтомуПостановление · 19.04.2018 · № 68-27
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 27/IX-1 "Кайыңды шаары, 60 лет Октября № 5 дарегинде жайгашкан “Дан кабыл алуу пункту” муниципалдык менчик объектисин түз…Постановление · 13.06.2025 · № 27/IX-1
- Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2012-жылдын 02 июнундагы, № 28/2 "Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кеңешинин 17.03.2012-жыл № 27/ 7 «Кара-Кулжа айылынын тургуну Исманов…Постановление · 02.06.2012 · № 28/2
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 токтомуПостановление · 29.03.2019 · № 142
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/992/st-15" title="15-статья - Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>