Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2012-жылдын 02 июнундагы, № 28/2 «Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кеңешинин 17.03.2012-жыл № 27/ 7 «Кара-Кулжа айылынын тургуну Исманов Мелистин « Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов көчөсүндө жайгашкан«Тынчтык Достук» атындагы багын ижарага берү жөнүндөгү» токтомун жокко чыгаруу жөнүндө» токтому
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ депутаттардын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиянын (IV шайланган) жыйналышынын
2012-жылдын 02 июну, № 28/2
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кеңешинин 17.03.2012-жыл № 27/ 7 «Кара-Кулжа айылынын тургуну Исманов Мелистин « Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов көчөсүндө жайгашкан«Тынчтык Достук» атындагы багын ижарага берү жөнүндөгү» токтомун жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жер жөнүндөгү» Кодексинин 78 «Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Өзгөчө учурларда алар ыйгарым укуктуу органдар тарабынан беш жылга чейин ижара шартында жана юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мумкундугу жөнүндөгү» беренесинин, З-б «Ыйгарым укуктуу орган тарабынан мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жалпы пайдалануудагы жерлерге женил типтеги курулуштарга уруксат берилиши мүмкүндүгү жөнүндөгу» бөлүмүнүн талаптары одоно бузулгандыгы жана Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 15 «Муниципалдык менчик объектилери жеке юридикалык жактарга пайдаланууга жана ижарага беруу тооруктарды өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.Тоорук өткөргөндө жана кыймылсыз муниципалдык мүлктү бир жылдык жана андан көбүрөөк мөөнөткө ижарага же пайдаланууга берүү жөнүндө келишим түзгөн учурда төмөндөгүдөй жол-жоболор колдонулат:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кыймылсыз муниципалдык менчикти ижарага же пайдаланууга берүү ниети жөнүндө табыштаманы кабыл ала тургандыгы тууралуу кулактандыруу жарыялайт. Жазуу жүзүндөгү билдируу коомдук жайларда илинүүгө жана массалык маалымат карадаттарында жарыяланууга тийиш;Кулактандырууда менчик, анын жайгашкан жери жана сыпатталышы, ижаралоо же пайдалануу укугуна карата белгиленген шарттар же чектөөлөр, тендерди өткөрүү убактысы жана ото турган жери көрсөтүлөт. Кулактандыруу сатыла турган күнгө кеминде 30 күн калганда жарыяланат;
- ичине табыштама салынып, чапталган конвертер баарына көрүнөө болгон коомдук жайда элдин көзүнчө ачылат. Ижаралоо же пайдалануу укугу эң жогорку бааны жана бул бүтүм үчүн белгиленген шарттарды канааттандырган шарттарды сунуш кылган адамга берилет. Коомчулукка конкрустун жыйынтыгы, анын ичинде конкрусту женип алуучунун аты-жөну, баасы жана бул бүтүм боюнча ар кандай чектөөлөр жөнүндө коомдук жайда илинген жазуу жүзүндөгү билдируу аркылуу жана бул маалыматты мүлккө муниципалдык менчиктин жергиликтүү реестрине киргизүү аркылуу билдирилиши жөнүндөгү» беренеси одоно бузулгандыгы жөнүндөгү Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын 24.05.2012-жыл № 11-9д-285-12 протестинин негизинде
Кара-Кулжа айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кеңешинин 17.03.2012-жыл № 27/ 7 « Кара-Кулжа айылынын тургуну Исманов Мелистин «Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов көчөсүндө жайгашкан «Тынчтык Достук» атындагы багын ижарага берүү жөнүндөгү» токтому жокко чыгарылсын.
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасы
И.Абжапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-сентябрындагы № 413 «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз…Постановление · 08.09.2005 · № 413 · Күчүн жоготкон