Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 463 „Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета министров Кыргызской Республики от 19 мая 2021 года № 11 "О вопросах Государственного комитета по экологии и климату Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-03-29.
КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 29-марты № 183 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" токтомунун 7-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- аталышындагы жана бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө жободо:
аталышындагы жана бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын; бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Департамент" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "Мекеме" деген сөз менен алмаштырылсын; 9-пунктунун "а" пунктчасында:
- жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- токой кадастры үчүн токой фондунун сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды топтоо, талдоо, маалыматтар базасын түзүү, архивдештирүү;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемеси жөнүндө…Положение · 29.03.2012 · № 463
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.05.2021 · № 11
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июну № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин "Кыргыз токой аңчылык…Постановление · 29.06.2012 · № 463 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.05.2021 · № 11
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июну № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин "Кыргыз токой аңчылык…Постановление · 29.06.2012 · № 463 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин түзүмүн…Постановление · 15.12.2016 · № 681 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.