Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 25-февралы № 82 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Т.Сариев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Төмөнкүдөй мазмундагы 213-11-статья менен толукталсын:
"213-11-статья. Товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык макулдашууларда каралган документтерсиз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү Товарларды жана транспорт каражаттарын контрабанданын белгилери жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык макулдашууларда каралган документтерсиз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү:
- жарандарга - мыйзам бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо же ушул товарлардын наркын өндүрүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө;
- юридикалык жактарга - мыйзам бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо же ушул товарлардын наркын өндүрүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Администрациялык жаза чаралары колдонулгандан кийин ошол эле аракет бир жылдын ичинде кайра кайталанса:
- жарандарга - мыйзам бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо же ушул товарлардын наркын өндүрүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө;
- юридикалык жактарга - мыйзам бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо же ушул товарлардын наркын өндүрүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
2) Төмөнкүдөй мазмундагы 301-4-статья менен толукталсын:
"301-4-статья. Контролдук баанын минималдык деңгээли белгиленген товарды контролдук баанын минималдык деңгээлинен төмөн баа боюнча импорттоо Контролдук баанын минималдык деңгээли белгиленген товарды контролдук баанын минималдык деңгээлинен төмөн баа боюнча импорттоо:
- жарандарга - мыйзам бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо же ушул товарлардын наркын өндүрүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө;
- юридикалык жактарга - мыйзам бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо же товарлардын наркын өндүрүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Администрациялык жаза чаралары колдонулгандан кийин ошол эле аракет бир жылдын ичинде кайра кайталанса:
- жарандарга - мыйзам бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо же ушул товарлардын наркын өндүрүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө;
- юридикалык жактарга - мыйзам бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо же ушул товарлардын наркын өндүрүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
3) 508-статьянын 1-бөлүгүндөгү "213-10-статьясында" деген сөздөр "213-10, 213-11-статьяларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын, ошондой эле бул бөлүк "301-2," деген цифралардан кийин "301-4," деген цифралар менен толукталсын";
4) 535-статьясында:
- биринчи абзац "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "213-11," деген цифралар менен толукталсын, ошондой эле "301-2," деген цифралардан кийин "301-4," деген цифралар менен толукталсын";
- үчүнчү абзац "Эскертүү." деген сөздөн кийин "213-11-статьяда," деген сөздөр менен толукталсын, ошондой эле "301-2," деген цифралардан кийин "301-4," деген цифралар менен толукталсын";
5) 556-1-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда:
- жыйырма үчүнчү абзац "285" деген цифралардан мурда "213-11" деген цифралар менен толукталсын, ошондой эле "301-2," деген цифралардан кийин "301-4," деген цифралар менен толукталсын;
- отуз экинчи абзац "финансы полициясынын органдары (" деген сөздөрдөн кийин "213-11, 301-2," деген цифралар менен толукталсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж, № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 25-пункт менен толукталсын:
"25) "Контролдук баанын минималдык деңгээли" - ушул Кодекстин максаттары үчүн кабыл алынуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте белгиленүүчү баанын деңгээлинен төмөн болбогон товардын баасы.";
2) 44-берененин 1-бөлүгүнүн 12-пунктунун "а" пунктчасындагы "акциздик" деген сөз алып салынсын;
3) 120-беренеде:
- 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте контролдук баанын минималдык деңгээли белгиленген товар менен бүтүм түзүүдө.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-бөлүктөр менен толукталсын:
"8. Контролдук баанын минималдык деңгээлин белгилөөнүн тартибин жана эсептөөнүн методикасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
9. Контролдук баанын минималдык деңгээли белгиленген товар менен бүтүм түзүүдө ушул Кодекстин максаты үчүн ушул берененин 8-бөлүгүнө ылайык белгиленген деңгээлден төмөн болбогон баа кабыл алынат.".
3-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 779-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.06.2016 · № 779-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 1-июнундагы № 614-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын…Постановление · 01.06.2016 · № 614-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-июнундагы № 678-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын…Постановление · 09.06.2016 · № 678-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон