Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2015-жылдын 3-декабры № 826 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 157, 2026-жылдын 30-мартындагы N 200 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы № 687 "Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жободо:
- 2.14-пункттагы "банктын депозиттик базасын 1/360" деген сөздөр "банктын жалпы депозиттик базасын 1/360, жылдык 0,2 пайызына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3.1- жана 3.2-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Депозиттерди коргоо боюнча агенттик" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3.5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3.5. Эгерде депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучусу депозиттерди коргоо системасына мүчөлүк акыны төлөбөсө же аны өз убагынан өткөрүп же болбосо толук эмес өлчөмдө төлөсө, ага "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген жоопкерчилик чаралары колдонулат. Эгерде көрсөтүлгөн чаралар 6 айдын ичинде натыйжа бербесе, Агенттик банк-катышуучуга чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кайрылат.";
- жогоруда аталган Жобонун расмий тилдеги тиркемесинин үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Взнос уплачивается на ежеквартальной основе, не позднее 15 числа месяца, следующего за расчетным периодом.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 157 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Аманаттарды коргоо агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын отчетунун формасы жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталышында жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Депозиттерди коргоо агенттигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Депозиттерди коргоо агенттигине берилүүчү Депозиттерди коргоо системасына катышуучу банктын отчеттуулугунун формасы жөнүндө нускамада:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Депозиттерди коргоо агенттиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-пунктта "жеке адамдардын" деген сөздөр "юридикалык жактардын, жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-24-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. "Юридикалык жактардын депозиттеринин суммасы, миң сом менен" деген позицияга банктын бекитилген Бухгалтердик эсеп-кысаптар эсебинин планына ылайык юридикалык жактардын депозиттик эсептери камтылат. "Жеке адамдардын депозиттеринин суммасы, миң сом менен" деген позицияга банктын бекитилген Бухгалтердик эсеп-кысаптар эсебинин планына ылайык жеке адамдардын депозиттик эсептери камтылат. "Жеке ишкерлердин депозиттеринин суммасы, миң сом менен" деген позицияга банктын бекитилген Бухгалтердик эсеп-кысаптар эсебинин планына ылайык жеке ишкерлердин депозиттик эсептери камтылат.";
23. 4-тиркемеде юридикалык жактардан, жеке адамдардан жана жеке ишкерлерден, ошондой эле жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин инсайдерлеринен жана аффилирленген жактарынан тартылган депозиттердин көлөмү көрсөтүлөт.
24. Баардык калдыктар миң сом менен, үтүрдөн кийин эки белги менен көрсөтүлөт.";
- 25-пунктта:
биринчи абзацында "2-16" деген цифралар "2-11" деген цифралар менен алмаштырылсын; экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. 12-графада юридикалык, жеке жактарга жана жеке ишкерлерге карыздын жалпы суммасы көрсөтүлөт, ал 2-11-графалардагы чоңдуктардын суммасы катары аныкталат. "Аманаттын (депозиттин) өлчөмү" деген сапка кирген графаларда ар бир аманатчыга (кардарга) карата карыздын жалпы өлчөмү боюнча отчеттук датага карата топтоштуруу жасалат:
- 1000 сомго чейин;
- 10000 сомго чейин;
- 25000 сомго чейин;
- 50000 сомго чейин;
- 100000 сомго чейин;
- 150000 сомго чейин;
- 200000 сомго чейин;
- 250000 сомго чейин;
- 300000 сомго чейин;
- 300001 сомдон ашык.";
- 27-пунктта "18" деген цифра "13" деген цифра менен алмаштырылсын;
- 28-пункт "миң сом менен" деген сөздөрдөн кийин ", үтүрдөн кийин эки белги менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 32 жана 33-пункттар "юридикалык жактардын жана жеке адамдардын" деген сөздөрдөн кийин "жана жеке ишкерлердин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 34-пункт "отчеттук кварталдын акыркы күнүнө карата" деген сөздөрдөн кийин "миң сом менен, үтүрдөн кийин эки белги менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 38-1 жана 38-2-пункттар менен толукталсын:
"38-1. 5-пунктта калдыктардын суммасы жана талап кылынуучу, жеке ишкерлерден кабыл алынган депозиттер боюнча орточо алынган проценттик ставкалар көрсөтүлөт. 38-2. 6-пунктта калдыктардын суммасы жана мөөнөттүн тийиштүү категориялары боюнча жеке ишкерлерден кабыл алынган депозиттер боюнча орточо алынган проценттик ставкалар көрсөтүлөт.";
- 39-пункттагы "5" деген цифра "7" деген цифра менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Нускаманын 1-тиркемесинде 1, 4 жана 5-пункттарындагы "12" деген цифра "15" деген цифра менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемесинин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"_________________________________ чейинки мезгил үчүн аманаттык базанын ар күнкү калдыктары жөнүндө маалыматтар";
- жогоруда аталган Нускаманын 4-тиркемеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-тиркеме Юридикалык жана жеке жактардын, жеке ишкерлердин депозиттери жөнүндө маалыматтар, суммалар боюнча бөлүштүрүү менен (көбөйүүчү жыйынтык менен) ___________________ карата абал боюнча Банктын аталышы:
Аманаттын (депозиттин) өлчөмү
1000 чейин
10000 чейин
25000 чейин
50000 чейин
100000 чейин
150000 чейин
200000 чейин
250000 чейин
300000 чейин
300001 ашык
Баардык депозиттер
Депозиттер боюнча кошулган проценттер
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
Юр. жактардын депозиттеринин суммасы, миң сом(*)
А.и. чет өлк. Валютада
Юр. жакт. депозиторлорунун саны
А.и. чет өлк. валютада
Жеке жактардын депозиттеринин саны, миң сом(*)
А.и. чет өлк. валютада
Жеке жактардын аманатчыларынын саны
А.и. чет өлк. валютада
Анын ичинде инсайдерлер, аффилирленген жактар жана алардын жакын туугандары
Сумма, миң сом
Аманатчылардын саны, киши
Жеке ишкерлердин (ЖИ) депозиттеринин суммасы, миң сом.(*)
А.и. чет өлк. валютада
ЖИ аманатчылардын саны, киши
А.и. чет өлк. валютада
Анын ичинде инсайдерлер, аффилирленген жактар жана алардын жакын туугандары
Сумма, миң сом
Аманатчылардын саны, киши
(*) отчеттук кварталдын акыркы күнүнө карата КРУБ эсептик курсу боюнча сомдук эквиваленттеги эсебинде кайрадан эсептөө.
Жетекчи _________________________________________ Башкы бухгалтер __________________________________ Аткаруучу ________________________________________ М.О.";
- жогоруда аталган Нускаманын 5-тиркемесинде:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын облустарындагы тартуу булактары боюнча ________________ карата абалдагы депозиттердин көлөмү" таблица төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын: "
2-1. Жеке ишкерлер, а.и. чет өлк. валютада. Анын ичинде:
а) сурап алуучу депозиттер, а.и. чет өлк. валютада
б) мөөнөттүү депозиттер, а.и. чет өлкө валютада
".
- жогоруда аталган Нускаманын 6-тиркемесинде:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "_____________ карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын облустарындагы депозиттик эсептер жөнүндө маалыматтар"; таблицанын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын: "
3) жеке ишкерлер
Сурап алуучу депозиттер
Мөөнөттүү депозиттер
";
- жогоруда аталган Нускаманын 7-тиркемесинде:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "_____________ карата абал боюнча депозиттер жана колдонулуучу проценттик ставкалар жөнүндө маалыматтар"; таблица төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толукталсын: "
5
Жеке ишкерлердин сурап алуучу депозиттери
6
Жеке ишкерлердин мөөнөттүү депозиттери
"; "Бардыгы" деген сап төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "
Бардыгы:
".
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы N 200 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын, катышуучу микрофинансылык компаниясынын, катышуучу…Инструкция · 25.11.2010 · № 297
- Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы № 687 токтому менен бекитилген) жобоПоложение · 11.12.2008 · № 687
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын…Постановление · 25.11.2010 · № 297
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-марты № 200 "Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби…Постановление · 30.03.2026 · № 200
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 157 "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.04.2024 · № 157
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №298 "Кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү үчүн агент банктарды тандоо тартиби жөнүндө" жобосуПоложение · 25.11.2010 · № 298 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө ЖОБО" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-сентябрындагы N 567 токтому менен бекитилгенПоложение · 21.09.2011 · № 567 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.2008 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-марты № 200 "Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби…Постановление · 30.03.2026 · № 200
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын…Постановление · 25.11.2010 · № 297
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы №687 "Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.12.2008 · № 687
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 157 "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.04.2024 · № 157
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-сентябрындагы №567 "Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 21.09.2011 · № 567 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №298 "Кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү үчүн агент банктарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 25.11.2010 · № 298 · Күчүн жоготкон