Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-марты № 200
Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсация төлөөнү баштоо мөөнөтүн кыскартуу максатында, "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, депозиттерди камсыздандыруунун эл аралык принциптерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 298 "Кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү үчүн агент банктарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 441 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерди коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерди коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын…Положение · 30.03.2026 · № 200
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 441 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерди коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.07.2017 · № 441
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.12.2015 · № 826
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерди коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.12.2019 · № 662
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №298 "Кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү үчүн агент банктарды тандоо тартиби жөнүндө" жобосуПоложение · 25.11.2010 · № 298 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №298 "Кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү үчүн агент банктарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 25.11.2010 · № 298 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.2008 · № 78
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 441 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерди коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.07.2017 · № 441
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерди коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.12.2019 · № 662
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.12.2015 · № 826
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №298 "Кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү үчүн агент банктарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 25.11.2010 · № 298 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195