Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-апрели № 157
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-августундагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин банктарды жана башка финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу жана көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо функцияларын берүү менен кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгын, "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги мыйзамдарда белгиленген тартипте ага Банктарды жоюу боюнча агенттикти кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги Банктарды жоюу боюнча агенттиктин укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-сентябрындагы № 567 "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 441 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерди коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерди коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
1) өзгөртүп түзүлүүчү мекемелерди өткөрүп берүү актысын бекитсин;
2) Банктарды жоюу боюнча агенттиктин балансында турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине өткөрүп берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын…Положение · 30.03.2026 · № 200
- Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 157 токтомуна)Положение · 08.04.2024 · № 157
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 441 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерди коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.07.2017 · № 441
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерди коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.12.2019 · № 662
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.12.2015 · № 826
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-сентябрындагы №567 "Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 21.09.2011 · № 567 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө ЖОБО" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-сентябрындагы N 567 токтому менен бекитилгенПоложение · 21.09.2011 · № 567 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-августундагы ПЖ № 281 "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин банктарды жана башка финансылык-кредиттик…Указ · 10.08.2022 · № 281
- Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.2008 · № 78
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 441 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерди коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.07.2017 · № 441
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерди коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.12.2019 · № 662
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.12.2015 · № 826
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-сентябрындагы №567 "Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 21.09.2011 · № 567 · Күчүн жоготкон