Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 13-октябры № 706 Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 43 токтомунун редакциясына ылайык)
Токой чарбасын жана токой пайдаланууну сарамжалдуу жүргүзүүнү, токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токойлорун, анын ичинде мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлорду натыйжалуу коргоону, сактоону жана өстүрүүнү камсыздоо, ошондой эле бул чөйрөдө бирдиктүү илимий-техникалык саясатты ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 18 жана 84-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 43 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасында токой-аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү тартибин жана Кыргыз Республикасындагы токойлорго мониторинг жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөрүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы "Кыргыз Республикасында токой-аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү тартибин жана" деген сөздөр алып салынсын;
- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Токойлорду натыйжалуу коргоо, сактоо, өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 82-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом 2015-жылдын 5-октябрынан тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- «Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарда, аң уулоочу жерлерде жана мамлекеттик токой фондунан тышкары жерлерде пландан тышкары токой өстүрүү жана илимий-изилдөө иштерин…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3 июнундагы №335 "Кыргыз Республикасында токой-аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү тартибин жана Кыргыз Республикасындагы токойлорго мониторинг жүргүзүү…Постановление · 03.06.2009 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 43 "Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.01.2025 · № 43
- Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 706 токтому менен бекитилген)Порядок · 13.10.2015 · № 706 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3 июнундагы №335 "Кыргыз Республикасында токой-аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү тартибин жана Кыргыз Республикасындагы токойлорго мониторинг жүргүзүү…Постановление · 03.06.2009 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 43 "Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.01.2025 · № 43
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Порядок к постановлению Правительство КР от 3 июня 2009 года №335 "проведения лесоохотустройства в Кыргызской Республике"Постановление · 03.06.2009 · № 335