Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3 июнундагы №335 «Кыргыз Республикасында токой-аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү тартибин жана Кыргыз Республикасындагы токойлорго мониторинг жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 3-июну №335 Кыргыз Республикасындагы токойлорго мониторинг жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 14-сентябры № 636, 2015-жылдын 13-октябры № 706 токтомдорунун редакциясына ылайык) Токойлорду натыйжалуу коргоо, сактоо, өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 82-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 13-октябры № 706 токтомдун редакциясына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 14-сентябры № 636 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
- Кыргыз Республикасындагы токойлорго мониторинг жүргүзүү тартиби.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Порядок к постановлению Правительство КР от 3 июня 2009 года №335 "проведения лесоохотустройства в Кыргызской Республике"Постановление · 03.06.2009 · № 335
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 636 "Кыргыз Республикасында чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.09.2015 · № 636
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.10.2015 · № 706
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 636 "Кыргыз Республикасында чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.09.2015 · № 636
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон