Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-январы № 43
Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө
Токой чарбасын жана токой пайдаланууну сарамжалдуу жүргүзүүнү, мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токойлорун, анын ичинде мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлорду натыйжалуу коргоону, сактоону жана өстүрүүнү камсыздоо, ошондой эле бул чөйрөдө бирдиктүү илимий-техникалык саясатты ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 18, 84-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 8 (3664) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.10.2015 · № 706
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат…Стандарт · 29.01.2024 · № 2-Д
- Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 43 токтомуна)Порядок · 29.01.2025 · № 43
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 209 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2024-жылдын 29-январындагы №2-Д…Приказ · 19.03.2025 · № 209
- Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 706 токтому менен бекитилген)Порядок · 13.10.2015 · № 706 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.10.2015 · № 706