Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акыны алуунун жана пайдалануунун тартиби» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 14-сентябры № 631 Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акыны алуунун жана пайдалануунун тартиби Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ресурстарын натыйжалуу коргоону, сарамжалдуу пайдаланууну жана калыбына келтирүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" жана "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкалары 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы алуунун жана пайдалануунун тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөө жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
1-тиркеме Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн СТАВКАЛАРЫ
Өсүмдүктөрдүн багыты жана түрдүк аталыштары
Чийки заттын (продукциянын) аталышы
Төлөө ставкалары (сом менен)
1. Дары өсүмдүктөрү
1 кг кургак зат үчүн
1.1. Агала уу коргошун - Aconitum leucostomum Worosch
тамыры, өзөгү жана жалбырагы
5,57
1.2. Жунгар уу коргошуну - Aconitum songoricum Stapf.
тамыры, гүлдөөчү өсүмдүктүн бүрү
5,57
1.3. Дары гүлкан - Althaea officinalis
тамыры
1,80
1.4. Ак кайың - Betula pendula Roth.
бүчүрү
5,57
1.5. Долоно (ар кандай түрлөрү) - Crataegus, Кнорринг долоносунан башка (Crataegus knorringiana Pojark)
мөмөсү
1,99
1.6. Түркстан мышык тамыры - Valeriana turkestanika
тамыры жана кабыгы
6,36
1.7. Сасык тармал чөп - Thalictrum foetidum L.
жер үстүндөгү бөлүгү
0,60
1.8. Кадимки адырашман - Peganum harmala
жер үстүндөгү бөлүгү
0,80
1.9. Бийик карындыз - Inula helenium
тамыры жана кабыгы
1,59
1.10. Кадимки көк чай чөп - Origanum vulgare L.
жер үстүндөгү бөлүгү
0,60
1.11. Ич алдыргыч кара моюл - Rhamnus cathartica
мөмөсү
1,19
1.12. Тешикчелүү сары чай чөп - Hypericum perforatum
жер үстүндөгү бөлүгү
0,60
1.13. Эки үйлүү чалкан - Urtica dioica
жалбырагы
1,00
1.14. Дары сангуисорбасы - Sanguisorba officinalis
тамыры жана кабыгы
1,59
1.15. Боёчу марена - Rubia tinctorum
тамыры
3,58
1.16. Өгөй эне - Tussilago farfara
гүлдөрү, жалбырагы
1,99
1.17. Дарылык мелисса - Melissa officinalis
жер үстүндөгү бөлүгү
1,19
1.18. Жапалак арча, түркстан арчасы - Juniperus sabina
мөмөсү
4,18
1.19. Жапалак арча, түркстан арчасы - Juniperus turkestanica
бутактары
11,13
1.20. Кадимки жана талаа жалбызы - Mentha silvestris, Mentha arvensis
жер үстүндөгү бөлүгү
0,64
1.21. Чычырканак - Hippophae rhamnoides
мөмөсү
4,77
1.22. Кадимки койчубаштык - Capsella bursa pastoris
жер үстүндөгү бөлүгү
0,95
1.23. Орто патриния - Patrinia intermedia (Horn.) Roem. EtSchult.
тамыры
4,77
1.24. Кадимки пижма - Tanacetum vulgare
гүлү
1,59
1.25. Орточо чымылдык - Paeonia intermedia
жер үстүндөгү бөлүгү, тамыры
7,16
1.26. Чоң бака жалбырак - Plantago major L.
жалбырагы
0,60
1.27. Эрмен шыбак - Artemisi absinthium
жер үстүндөгү бөлүгү, жалбырагы
0,95
1.28. Түркстан кан басымы - Leonurus turkestanica V.Krecz.et Kuprian
жер үстүндөгү бөлүгү
1,59
1.29. Максимович ышкыны - Rheum
тамыры
3,18
1.30. Дары ромашка - Chamomilla recutita
гүл себеттери
3,98
1.31. Тянь-Шань четини - Sorbus tianschanica Franchet.
мөмөсү
1,43
1.32. Түксүз кызыл мыя - Glycyrrhiza glabra
тамыры
5,57
1.33. Ланцет сары мыясы - Thermopsis lanceolata R.Br.
жер үстүндөгү бөлүгү
0,60
1.34. Маршаллов кийик оту - Thymus marschallianus
жер үстүндөгү бөлүгү
1,59
1.35. Кадимки каз таңдай - Achillea millefolium
жер үстүндөгү бөлүгү
0,95
1.36. Кырк муун сыяктуу чекенде (кырк муун чекендеси) - Ephedra equisetina Bge.
бутактары
2,39
1.37. Талаа кырк мууну - Equisetum arvense L.
көбөйүү сабактары
0,60
1.38. Үч белүктүү ит уйгак - Bidens tripartita
жер үстүндөгү бөлүгү
1,19
1.39. Чөл шалфейи - Salvia deserta
жер үстүндөгү бөлүгү
0,80
1.40. Ит мурун (бардык түрлөрү) - Rosa sp
мөмөсү
1,99
1.41. Дары топ баш гүл (папоротник) - Dryopteris filixmas
тамыры
5,96
1.42. Башка түрлөрү (Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилгендерден башка)
0,60
2. Тамак-аш өсүмдүктөрү
1 кг үчүн
2.1. Бөрү карагат (ар кандай түрлөрү) - Berberis heteropoda Schrenk, Кашгар бөрү карагатынан башка (Berberis kashgarica Rupr.)
мөмөсү
1,94
2.2. Жаңгак - Juglans regia
мөмөсү
2,50
2.3. Көгүлтүр кара бүлдүркөн - Rubus caesius L.
мөмөсү
3,82
2.4. Тикенектүү каперс - Capparis spinosa
богогу
3,98
2.5. Кадимкй дан куурай - Rubus idaeus L.
мөмөсү
3,82
2.6. Мейер карагаты - Ribes Meyeri Maxim.
мөмөсү
2,86
2.7. Кадимки мисте - Pistacia vera
мөмөсү
4,61
2.8. Башка түрлөрү (Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилгендерден башка)
1,94
3. Техникалык өсүмдүктөр
1 куб.м кампалык масса үчүн
3.1. Түштүк камышы, камыш - Phragmites australis
өзөгү
44,84
З.2. Жалтырак чий - Achnatterum splendens
өзөгү
44,84
4. Козу карындар
1 кг үчүн
4.1. Желе турган козу карындар
мөмөлүү жагы
8,35
Эскертүү: Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин Кыргыз Республикасынын чегинен тышка алып чыгууда Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөө ставкалары белгиленген базалык ставкалардан 4 эсеге көбөйтүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-августундагы № 458 токтому менен бекитилген "Токой фондунун участоктору токой чарбасын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарга пайдаланылган учурларда…Порядок · 13.08.2013 · № 458
- Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы алуунун жана пайдалануунун Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын…Порядок · 14.09.2015 · № 631
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлунун № 354 "Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын…Постановление · 04.07.2024 · № 354
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 460 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-августундагы № 458 "Мамлекеттик токой фондуна…Постановление · 13.09.2023 · № 460
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн…Постановление · 13.06.2011 · № 306 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөө жана пайдалануу…Положение · 13.06.2011 · № 306 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн…Постановление · 13.06.2011 · № 306 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
- Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 20.06.2001 · № 53