Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөө жана пайдалануу тартиби жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 14 сентября 2015 года № 631 "Об утверждении ставок платы за пользование объектами растительного мира Кыргызской Республики и Порядка взимания и использования платы за пользование объектами растительного мира Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-09-14.
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 14-сентябры № 631 токтомуна ылайык кγчγн жоготту
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 306 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөө жана пайдалануу тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөө жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жаратылыш пайдаланууга акы төлөөнү жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан. Жобо Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн (токойлордон тышкары) акы төлөө жана пайдалануу тартибин белгилейт.
2. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөлөр жаратылыш ресурстарын пайдалануучу болуп эсептелген юридикалык жана жеке жактардан айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы тармагындагы атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан алынат.
2. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөлөрдү алуу тартиби
3. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөлөр "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген ставканын өлчөмүндө жүргүзүлөт.
4. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөлөр үчүн айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы тармагындагы атайын ыйгарым укуктуу орган берүүчү уруксат жана жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин иш жүзүндө пайдалануу жөнүндө маалымат негиз болуп эсептелет.
5. Аңчылык турларды жүргүзүүдө чет өлкөлүк жарандар табуучу жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдаланууга акы төлөөлөр эки этапта жүргүзүлөт:
- жапайы жаныбарларды алууга уруксат алууда аңчылык жаныбарлардын ар бир түрү боюнча аңчылык турларды өткөрүү мөөнөтүнүн башталышына чейин бөлүнгөн аңчылыкты пайдалануу квотасына ылайык аңчылык жаныбарлардын түрлөрүн бүткүл пайдалануу көлөмүнө берилген уруксаттын белгиленген ставкаларынан 5 пайыз өлчөмүндө. Төлөнгөн сумма жаратылыш пайдалануучуга кайтарууга жатпайт;
- иш жүзүндө алынган жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери үчүн акы төлөөлөрдүн белгиленген ставкасынан калган 95 пайыз өлчөмүндөгү сумма алынган жапайы жаныбарларды (олжолорду) алып чыгууга уруксатты алууда, бирок аларды алган учурдан тартып бир айдан кеч эмес төлөнөт.
6. Жаратылыш пайдалануучулар жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануунун жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануунун башка түрлөрүнө тиешелүү уруксат документин алууда пайдалануунун бүткүл уруксат берилген көлөмү үчүн толук көлөмдө белгиленген акыны төлөйт.
7. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөлөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 21-июлундагы "Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун жергиликтүү жана республикалык фонддору жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык фондусунун (мындан ары - ЖК жана ТӨРФ) эсебине түшөт.
8. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөлөр "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 3-беренелеринде белгиленген учурларда алынбайт.
3. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөлөрдү пайдалануу тартиби
9. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн алынган акча каражаттар жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин эсепке алуу боюнча иштерди каржылоого, алардын абалдарына жана сандарынын өзгөрүүсүнө мониторинг жүргүзүүгө, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, аларды коргоого жана көбөйтүүгө, зыяндуу жаныбарлардын санын жөнгө салууга, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана жаратылыш пайдалануу тармагындагы мамлекеттик башкаруу органдарынын иши менен байланыштуу башка чыгымдарга жумшалат.
10. Чет өлкөлүк аңчылардын катышуусунда аңчылык турларды жүргүзүүдө жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу үчүн акы төлөөлөрдүн суммасы төмөнкүдөй түрдө бөлүштүрүлөт:
- 20 пайыз чет өлкөлүк аңчылар үчүн аңчылык турлар жүргүзүлгөн аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү бюджетине ЖК жана ТӨРФ аркылуу которулат;
- 35 пайыз иштелип чыккан планга ылайык жаратылыш ресурстарын сактоо жана көбөйтүү (биотехникалык иш-чараларды жүргүзүү, түрлөрдү мониторингдөө, коргоо, материалдык-техникалык базаны чыңдоо) боюнча иштерди тең каржылоо максатында аңчылыкты пайдалануучу тарабынан ЖК жана ТӨРФ аркылуу которулат;
- 30 пайыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин аңчылык жана аңчылык чарба иши чөйрөсүндөгү республикалык мамлекеттик башкаруу органына материалдык-техникалык базасын чыңдоого, биотехникалык иш-чараларын жүргүзүүгө, түрлөрдү мониторингдөөгө, коргоого, зыяндуу жаныбарлардын санын жөнгө салууга жана аңчылык жана аңчылык чарба иши чөйрөсүндөгү республикалык мамлекеттик башкаруу органынын ишине байланышкан башка чыгымдарына ЖК жана ТӨРФ аркылуу которулат;
- 15 пайыз жаратылыш коргоо иш-чараларын ишке ашыруу үчүн ЖК жана ТӨРФнын тескөөсүндө калат.
11. Чет өлкөлүк аңчылардын катышуусунда мамлекеттик аңчылыкты пайдалануу турларын өткөрүүдө жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу үчүн акы төлөөлөрдүн суммасы төмөнкүдөй түрдө бөлүштүрүлөт:
- 65 пайыз жаратылыш ресурстарын сактоо жана көбөйтүү (биотехникалык иш-чараларды жүргүзүү, зыяндуу жаныбарлардын санын жөнгө салуу) боюнча иштерди жүргүзүүгө жана материалдык-техникалык базаны чыңдоого, ошондой эле мамлекеттик аңчылык чарбалардын иштери менен байланыштуу башка чыгымдарга мамлекеттик аңчылыкты пайдалануучулардын тескөөсүндө калат;
- 20 пайыз чет өлкөлүк аңчылар үчүн аңчылык турлар жүргүзүлгөн аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү бюджетине ЖК жана ТӨРФ аркылуу которулат;
- 15 пайыз (жапайы жаныбарларды алууга уруксат алууда 5 пайыз өлчөмдөгү алдын ала төлөнгөн сумманы эсепке алуу менен) жаратылыш коргоо иш-чараларын ишке ашыруу үчүн ЖК жана ТӨРФнын тескөөсүндө калат.
12. Атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн суммасы төмөнкүдөй түрдө бөлүштүрүлөт:
- 30 пайыз өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин жыйноо (даярдоо) жүргүзүлгөн аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү бюджетине ЖК жана ТӨРФ аркылуу которулат;
- 70 пайыз жаратылыш коргоо иш-чараларын ишке ашыруу үчүн ЖК жана ТӨРФнын тескөөсүндө калат, анын ичинде төмөнкүлөр милдеттүү түрдө:
30 пайыз берилген билдирменин негизинде адистештирилген илимий мекемелерге өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин запастарын мониторингдөө жана баалоо жүргүзүүгө жумшалат; 30 пайыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин айлана-чөйрөнү коргоонун жана токой экосистемасын өнүктүрүүнүн аймактык башкармалыгына мамлекеттик контролдоо жүргүзүүгө, алардын иши менен байланышкан материалдык-техникалык базасын чыңдоого жумшалат; 10 пайыз жаратылыш коргоо иш-чараларын ишке ашыруу үчүн ЖК жана ТӨРФнын тескөөсүндө калат.
13. ЖК жана ТӨРФ жана аңчылыкты пайдалануу, аңчылык жана аңчылык чарба иши чөйрөсүндөгү республикалык мамлекеттик башкаруу органы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин аймактык башкармалыктары жана башка органдар ортосундагы ушул Жобонун 3-бөлүмүндө каралган бардык эсептөөлөр ар бир айдын аягында жүргүзүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 631 "Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө жана…Постановление · 14.09.2015 · № 631
- Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндөЗакон · 11.08.2008 · № 200 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн…Постановление · 13.06.2011 · № 306 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Указ Президента КР от 21 июля 1992 года №239 "О местных и республиканском фондах охраны природы в Республике Кыргызстан"Указ · 21.07.1992 · № 239 · Күчүн жоготкон