Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 февраля 2022 года № 95 "О мерах по реализации требований статей 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 и 415 Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 16-сентябры № 646 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасында акциздик маркалануучу продукцияларды контролдоонун электрондук тутумун жайылтуу, контрафакттык алкоголдук жана тамеки продукцияларынын өндүрүлүшүнө, ошондой эле анын Кыргыз Республикасынын аймагына контрабандалык жол менен алынып келинишине бөгөт коюу боюнча иштерди күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 295-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- электрондук-маалыматтык элемент - аныктыгынын идентификациясын жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды өзүндө алып жүрүүгө жөндөмдүү, ошондой эле салык органдарына жыйымдарды чогултууга, эсептик контроль жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү кайсы болбосун башка маалыматтарды алып жүрүүчү электрондук түзүлүштөр жана/же программалык тиркемелер менен аныкталуучу акциздик маркадага элемент;";
- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Алкоголдук ичимдиктерге акциздик маркалардын катар номери, электрондук-маалыматтык элементи жана продукциянын түрүн жана колдонулуучу сыйымдуулуктарынын диапазонун аныктаган сериясы болот. Тамеки буюмдарына маркалардын тогуз орундуу катар номери, электрондук-маалыматтык элементи жана продукциянын түрүн аныктаган сериясы болот.";
- 29-пунктунун алтынчы абзацы "көзгө толук көрүнбөгөн" деген сөздөрдөн кийин "жана электрондук-маалыматтык элементи идентификацияланбаган" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Рейддик салыктык контроль жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктунун тогузунчу абзацы "жасалма маркалар" деген сөздөрдөн кийин "жана/же электрондук-маалыматтык элементтерге ылайык келбеген маркалар" деген сөздөр менен толукталсын;
-19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "19. Алкоголдук жана тамеки буюмдарын сатуу учурларында акциз маркаларынын болушу же болбошу жана алардын аныктыгы, анын ичинде тийиштүү электрондук-маалыматтык элементтин болушу менен аныкталгандыгы милдеттүү түрдө текшерилет. Акциз маркаларынын болушунда жана шайкеш келишинде рейддик салыктык контролдоо актысынын 13-пунктунда - "бар жана шайкеш келет" деген жазуу жүргүзүлөт. Эгерде алкоголдук же тамеки буюмдарынын айрым түрлөрүндө акциз маркалары болбосо (шайкеш келбесе) жана/же электрондук-маалыматтык элемент идентификацияланбаса, анда бул учурда товарлардын акциздик топторун убактылуу алуу актысы (6-тиркеме) кошумча түзүлөт жана рейддик салыктык контроль жүргүзүү актысынын 13-пунктуна тиешелүү жазуу жүргүзүлөт. Товарлардын акциздик топторун убактылуу алуу актысында алууга жаткан товарлардын аталышы, саны, ченөө бирдиги, баасы жана суммасы көрсөтүлөт. Товарлардын акциздик топторун убактылуу алуу актысына салык органынын кызмат адамы жана чарба жүргүзүүчү субъекттин жооптуу адамы же ишкананын жетекчиси тарабынан кол коюлат, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттин жооптуу адамынан түшүндүрмө алынат, ал рейддик салыктык контролдоо актысына тиркелет. Чарба жүргүзүүчү субъекттин жооптуу адамы же ишкананын жетекчиси кол коюудан баш тарткан учурда товарлардын акциздик топторун алуу 2ден кем эмес калыс күбөнүн катышуусунда жүргүзүлөт жана актыга алар кол коюшат.".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби…Положение · 30.12.2008 · № 735
- Положение о порядке обследования, возмещения и возврата из бюджета суммы превышения налога на добавленную стоимость (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики…Положение · 30.12.2008 · № 735
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу…Постановление · 24.02.2022 · № 95
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 токтому менен бекитилген "Рейддик салыктык контроль жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби жөнүндө" ЖобосуПоложение · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби…Положение · 30.12.2008 · № 735
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу…Постановление · 24.02.2022 · № 95
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 ""Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана…Постановление · 30.12.2008 · № 735
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон