Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 14-сентябры № 636 Кыргыз Республикасында чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө Жаныбарлар дүйнөсүн сактоону камсыздоо жана мергенчилик чарба ишин сарамжалдуу жүргүзүү максатында, "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13 жана 14-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасында токой-аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү тартибин жана Кыргыз Республикасындагы токойлорго мониторинг жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1-пункттун экинчи абзацы; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында токой-аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү тартиби.
3. Ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чаралардын ишке ашырылышы тиешелүү финансылык жылга карата республикалык бюджетте каралган каражаттардын чектеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- «Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарда, аң уулоочу жерлерде жана мамлекеттик токой фондунан тышкары жерлерде пландан тышкары токой өстүрүү жана илимий-изилдөө иштерин…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3 июнундагы №335 "Кыргыз Республикасында токой-аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү тартибин жана Кыргыз Республикасындагы токойлорго мониторинг жүргүзүү…Постановление · 03.06.2009 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат…Стандарт · 29.01.2024 · № 2-Д
- Порядок к постановлению Правительство КР от 3 июня 2009 года №335 "проведения лесоохотустройства в Кыргызской Республике"Постановление · 03.06.2009 · № 335
- Кыргыз Республикасында чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 636 токтому менен бекитилген)Порядок · 14.09.2015 · № 636
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 209 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2024-жылдын 29-январындагы №2-Д…Приказ · 19.03.2025 · № 209
Шилтеме берет (2)
- Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндөЗакон · 13.03.2014 · № 41
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3 июнундагы №335 "Кыргыз Республикасында токой-аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү тартибин жана Кыргыз Республикасындагы токойлорго мониторинг жүргүзүү…Постановление · 03.06.2009 · № 335