Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 „Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана „Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-22.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомунун негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 22-июну № 392 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 295-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндөгү келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктунда:
расмий тилдеги текстинин үчүнчү абзацындагы "таможенную" деген сөз алып салынсын; төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: "- салык кызматынын органы - ыйгарым укуктуу салык органы жана аймактык салык органдары."; тогузунчу абзацы "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде" деген сөздөрдөн кийин "жана/же Бажы союзунун Бажы кодексинде" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3, 17 жана 27-пункттарындагы "алуу" деген сөз "берүү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Чет өлкөдө маркалануучу продукцияга завод-өндүрүүчүдө чаптоо үчүн ыйгарым укуктуу банк тарабынан алынган акциздик маркалар Кыргыз Республикасынын аймагынан бажы төлөмдөрү алынбастан убактылуу ташып келүү (жол берме)/ташып чыгуу бажы жол-жоболоруна ылайык чыгарылат.";
- 13-пунктунда:
биринчи абзацынын экинчи сүйлөмүндөгү ", эгерде ушул пунктта башкача каралбаса" деген сөздөр алып салынсын; экинчи-төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын; 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "15. Салык төлөөчүгө акциздик маркаларды сатуу ыйгарым укуктуу банк аркылуу маркаларды берүү же түздөн түз маркалануучу продукцияны завод-өндүрүүчүгө акциздик маркаларды жөнөтүү жолу менен жүргүзүлөт. Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттерден ташып келинүүчү маркалануучу продукция завод-өндүрүүчүдө гана маркаланууга тийиш. Ыйгарым укуктуу банктан акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечим төмөнкү документтерди бергенде аймактык салык органы тарабынан кабыл алынат:
- арыз-эсептөөнү (ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык 2 нускада). Салык төлөөчүнүн арыз-эсептөөсүнө өндүрүлгөн жана/же импорттолгон акциздик товарлардын аталыштарын көрсөтүү менен ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык акциздик буюмдардын өзгөчөлүгү тиркелет. Арыз-эсептөөнүн жана акциздик буюмдардын өзгөчөлүгүнүн бир нускасы салык төлөөчүгө кайтарылат, экинчи нускасы салык кызматынын органында калат;
- акциздик продукцияларды ташып келүүгө жана/же сатууга лицензиянын көчүрмөсүн (акциздик продукциялардын лицензиялануучу түрлөрү үчүн);
- маркалануучу продукциялардын бардык санына акциз салыгынын жана акциздик маркалардын накталай наркынын төлөнгөндүгүн ырастаган төлөм документтеринин көчүрмөсүн жана түп нускасын. Төлөм документтеринин көчүрмөсү салык кызматынын органында калат, түп нускасы салык төлөөчүгө кайтарылат.
Акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны завод-өндүрүүчүгө жиберүү чечимин, ыйгарым укуктуу банк тарабынан импорттолуучу маркалануучу продукцияга акциздик маркаларды берүү чечимин ыйгарым укуктуу салык органы кабыл алат. Мында ушул пункттун үчүнчү-бешинчи абзацтарында аталган документтерден башка салык төлөөчү тарабынан төмөнкү документтер тапшырылат:
- ташылып келүүчү акциздик продукцияга инвойстор, маркалануучу продукцияларды жеткирүүгө келишимдин түп нускасы жана салык төлөөчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Келишимдин көчүрмөсү салык кызматы органында калат, түп нускасы салык төлөөчүгө кайтарылат;
- маркалануучу продукциянын завод-өндүрүүчүсүнө анын так реквизиттерин толук көрсөтүү менен акциздик маркаларды жиберүү тууралуу өтүнүч каты.
Импорттолуучу маркалануучу продукцияга акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу банк тарабынан ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча 3 нускада түзүлөт. Акциздик маркалар ыйгарым укуктуу банк тарабынан салык төлөөчүгө чечимде көрсөтүлгөн акциздик маркалардын катар номерине ылайык берилет. Салык кызматы органынын чечиминин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - салык төлөөчүдө, үчүнчүсү - салык кызматы органында калат. Мында алынган акциздик маркалардын номерлеринин диапазонун салык органынын чечиминде көрсөтүлгөн номерлердин диапазону менен кайра эсептөө жана салыштырып текшерүү салык төлөөчүлөр тарабынан жүргүзүлөт.";
- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны завод-өндүрүүчүгө жөнөтүү тууралуу чечим 2 нускада түзүлөт. Мында ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан чет өлкөдө маркалануучу продукцияны завод-өндүрүүчүгө акциздик маркалардын тиешелүү партиясы жөнөтүлгөндүгү тууралуу акциздик маркаларды даярдоочу компанияга заказ-кат жөнөтүлөт. Акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны завод-өндүрүүчүгө жөнөткөн учурда акциздик марканы алуу датасы болуп ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан кабыл алынган акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны завод-өндүрүүчүгө жөнөтүү тууралуу чечимдин датасы саналат.";
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Ыйгарым укуктуу банк тарабынан импорттолуучу маркалануучу продукцияга акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечим, акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны завод-өндүрүүчүгө жөнөтүү тууралуу чечим ушул Жобонун 15-пунктунда каралган документтерди салык төлөөчү тапшырган күндөн тартып 3 иш күндүн ичинде салык кызматынын органы тарабынан кабыл алынат.";
- мамлекеттик тилдеги 28-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"28. Импорттолуучу тамеки заттары үчүн акциздик маркаларды кошпогондо пайдаланылбаган маркалардын номиналдык наркын кайтаруу салык кызматынын тийиштүү органы менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу банк тарабынан жүргүзүлөт.".
2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирүүчү 1-пункттун үчүнчү, төртүнчү, жетинчи, тогузунчу, онунчу, он төртүнчү жана он бешинчи абзацтарын, ошондой эле 2011-жылдын 31-декабрынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пункттун он үчүнчү абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби…Положение · 30.12.2008 · № 735
- Положение о порядке обследования, возмещения и возврата из бюджета суммы превышения налога на добавленную стоимость (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики…Положение · 30.12.2008 · № 735
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби…Положение · 30.12.2008 · № 735
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча…Постановление · 22.02.2022 · № 94
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана…Постановление · 30.12.2008 · № 735
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон