Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо укугун ишке ашыруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 25-майы № 316 Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо укугун ишке ашыруу жөнүндө "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтолмо бөлүгүн түзүүгө катышкан камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо укугун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- калк арасында топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо укугун ишке ашыруу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү;
- ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипке ылайык камсыздандырылган адамдардын тандоосунун негизинде арыздарын кабыл алууну жана камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фонддорго же башкаруучу компанияларга пенсиялык топтоо каражаттарын которууну уюштурууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 523 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине…Постановление · 30.10.2020 · № 523
- Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка топтомо пенсия- лык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу…Порядок · 20.10.2015 · № 717
- Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 316 токтому менен…Порядок · 25.05.2015 · № 316
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы № 628 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 316 "Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же…Постановление · 25.12.2020 · № 628