Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 30-октябры № 523 Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411, 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Пенсия чектөө, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтоо каражаттарын төлөп берүү үчүн камсыздандырылган адамдардын кайрылуу тартибинин жол-жоболорун актуалдаштыруу жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 316 "Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо укугун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо тартибинде: 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- кайрылмандын расмий статусуна ээ болгон адамдар үчүн - кайрылмандын күбөлүгү.".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-октябрындагы № 717 "Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка топтомо пенсиялык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка топтомо пенсиялык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу тартибинде:
- 11-пунктунда:
2-пунктчасы "паспорт" деген сөздөн кийин "(ID-карта)" деген сөздөр менен толукталсын;"; төмөнкүдөй мазмундагы 41-пунктчасы менен толукталсын: "41) кайрылмандын расмий статусуна ээ болгон адамдар үчүн - кайрылмандын күбөлүгү.";
- Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка пенсиялык топтомо фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу тартибинин 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 27-ноябрындагы № 97 (3169) жарыяланды
Премьер-министр
С.Н. Жапаров
Тиркеме
"Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка пенсиялык топтомо фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу тартибине 1-тиркеме
Форма Топтолгон пенсияны которуу тууралуу АРЫЗ Мен, _________________________________________________________________________________________ (фамилиясы) _____________________________________________________________________________________________ (аты) _____________________________________________________________________________________________ (атасынын аты (болсо)
туулган датасы
____________
____________
_____________
(күнү)
(айы)
(жылы)
_____________________________________________________________________________________________ (персоналдык идентификациялык номер) Документтин түрү:
- паспорт (ID-карта)
⎕
- качкындын күбөлүгү
⎕
- жашап турууга уруксаты
⎕
- кайрылмандын күбөлүгү
⎕
сериясы _________ номери ____________ ким тарабынан берилген _____________________________________ Берилген датасы 20__-жылдын "___" ________________. Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча/мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруу боюнча топтолгон пенсиямды которууну өтүнөм (керектүүсүнүн алды сызылат) ___________________________________ ______________________________________________________________________________________________ (Алуучу фонддун толук аталышы, ТПФнын ИСНи) Мен ушул арызды жазуу датасына карата:
1) топтолгон пенсияны топтомо пенсиялык фонддон башка топтомо пенсиялык фондго же Кыргыз
Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу боюнча колдонуудагы эреже менен тааныштым;
2) милдеттүү же ыктыярдуу пенсиялык төлөмдүн эсебинен топтолгон пенсияны которгон күндөн он иш күн
өткөндөн кийин которулган топтолгон пенсия кайра артка жиберилбеген шартта Жөнөтүүчү фонд менен № __________________________, түзүлгөн пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдин аракетинин токтотулушуна байланыштуу менин жекече пенсиялык эсебимдин жабылаары тууралуу маалыматым бар;
3) топтолгон пенсияны которууга керектүү менин жекече маалыматтарымды чогултууга жана иштеп чыгууга
макулдугумду берем.
Камсыздандырылган адамдын колу: _______________________________________________________________ Арыз толтурулган дата: _________________________________________________________________________
Арызды жөнөтүүчү Фонд кабыл алды:
__________________ (күнү)
__________________ (айы)
__________________ (жылы)
".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (7)
- Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка топтомо пенсия- лык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу…Порядок · 20.10.2015 · № 717
- Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 316 токтому менен…Порядок · 25.05.2015 · № 316
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү…Постановление · 23.07.2024 · № 411
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду…Постановление · 11.09.2025 · № 578
- Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы…Положение · 12.01.2005 · № 10 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Правила · 24.10.2012 · № 745 · Күчүн жоготкон
- Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы…Перечень · 12.01.2005 · № 10 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 316 "Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо укугун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.05.2015 · № 316
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү…Постановление · 23.07.2024 · № 411
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду…Постановление · 11.09.2025 · № 578
- Постановление Правительства КР от 20 октября 2015 года № 717 "Об утверждении Порядка перевода пенсионных накоплений из одного накопительного пенсионного фонда в другой…Постановление · 20.10.2015 · № 717
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 "Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө…Постановление · 12.01.2005 · № 10 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон…Постановление · 24.10.2012 · № 745 · Күчүн жоготкон