Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 316 токтому менен бекитилген
Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо ТАРТИБИ (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 523, 2020-жылдын 25-декабрындагы № 628 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Пенсиялык топтолмолорду түзүүчү же түзгөн камсыздандырылган адамдар (мындан ары - камсыздандырылган адамдар) пенсиялык топтолмолорун Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Соцфонд) башкармалыгында калтырууга же топтолмо пенсиялык фондду (мындан ары - ТПФ) же башкаруучу компанияны тандоого укуктуу.
2. Камсыздандырылган адамдар Социалдык фонд менен пенсиялык топтоо каражаттарын ишеним башкаруу келишимин түзгөн башкаруучу компаниялардын ичинен гана тандоого укуктуу.
2. Камсыздандырылган адамдардын кайрылуу тартиби
3. Камсыздандырылган адамдар ТПФ же башкаруучу компанияларды тандоо боюнча "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (мындан ары - Мыйзам) белгиленген мөөнөттөрдө Соцфонддун региондук органына ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз берүү аркылуу кайрыла алышат.
4. Арыз берүүдө камсыздандырылган адам инсандыгын ырастоочу документ көрсөтөт. Инсандыгын ырастоочу документ болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - паспорт (ID-карта);
- качкын деген расмий статусу бар жарандар үчүн - качкындын күбөлүгү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - жашап туруу укугу;
- кайрылмандын расмий статусуна ээ болгон адамдар үчүн - кайрылмандын күбөлүгү.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Камсыздандырылган адам ТПФны тандоо жөнүндө арыз берген учурда, арызга ТПФ менен камсыздандырылган адамдын ортосунда мурда түзүлгөн милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдин көчүрмөсү тиркелет.
6. Арыз камсыздандырылган адамдын өзү тарабынан жашаган жери же жүргөн жери боюнча Соцфонддун региондук органына же Соцфонддун электрондук порталындагы "Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети" аркылуу, же болбосо Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу берилет, мында арыз ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Камсыздандырылган адам Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн учурда арыз почта байланыш кызматы аркылуу же Соцфонддун электрондук порталындагы "Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети" аркылуу, же болбосо Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу берилет, мында арыз ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу жүргүзүлөт. Арыз почта боюнча жөнөтүлгөн учурда документтердин түп нускалары жиберилбейт. Арыз ээсинин ким экендигин аныктоо, документтердин көчүрмөлөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрүү, ошондой эле арыздагы камсыздандырылган адамдын кол тамгасынын аныктыгын текшерүү Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт. Арыз почта боюнча жөнөтүү фактысын жана датасын ырастоого мүмкүндүк берген ыкма менен жиберилүүгө тийиш. Документтерди жөнөтүү жөнөтүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы № 628 токтомунун редакциясына ылайык)
3. ТПФ же башкаруучу компанияны тандоо жөнүндө камсыздандырылган адамдардын арыздарын кабыл алуу тартиби
7. ТПФны же башкаруучу компанияны тандоо жөнүндө арыз берилген күн болуп төмөнкү күн эсептелет:
- Соцфонддун региондук органы тарабынан ушул Тартиптеги 2-бапта каралган бардык керектүү документтери менен арыз кабыл алынган күн;
- электрондук документ түрүндө арыз берилген дата;
- почта аркылуу жөнөтүүдө - арыз менен жана ушул Тартиптеги 2-бапта каралган бардык керектүү документтерди тиркөө менен кат почта бөлүмүнүн тийиштүү эсепке алуу формаларында белгиленген, Соцфонддун региондук органы тарабынан кабыл алынган күн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы № 628 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Камсыздандырылган адамдан арызды кабыл алууда Соцфонддун региондук органы төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
- арызды толтуруунун тууралыгын текшерүү;
- арыз ээсинин инсандыгын ырастаган документтен арыздын бланкына киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүү;
- арыздын жазылган катар номерин жана кабыл алынган датасын көрсөтүп арызды атайын каттоо журналында каттоо;
- арыз ээсине арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө айырма талонду берүү.
Арызды кабыл алган жана каттаган адис ушул Тартиптин жоболорун жетекчиликке алышы, ошондой эле Соцфонд тарабынан берилген ТПФ жана башкаруучу компаниялар жөнүндө маалыматтарды. пайдалануусу керек. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы № 628 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Камсыздандырылган адамдардын арыздарын иштеп чыгуу жана кароо тартиби
9. Кабыл алынган арыздар Соцфонддун региондук жекече эсепке алуу базасына киргизилет (камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтолмо бөлүгүнө) жана Соцфонддун борбордук жекече эсепке алуу базасына берилет.
10. Соцфонддун региондук органы арызды кароонун жыйынтыктары боюнча арыз ээсине ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча арызын канааттандыруу же канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө билдирүү жиберет. Билдирүүнү жиберүү билдирүүнүн жөнөтүлгөн фактысын жана датасын бышыктаган ыкма менен жүргүзүлөт. Арыз ээсине арызын канааттандыруу же канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө билдирүүнү жеткирүү чыгымдары Соцфонд тарабынан төлөнөт.
11. Соцфонд камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын ТПФ жана башкаруучу компанияларга өткөрүп берүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюштурат.
5. Камсыздандырылган адамдардын ТПФны же башкарууну компанияны тандоо жөнүндө арызын канааттандыруудан баш тартуу үчүн негиздер
12. Камсыздандырылган адамдардын ТПФны же башкаруучу компанияны тандоо жөнүндө арызы төмөнкү учурларда канааттандыруудан баш тартылат, эгерде:
- арыз ээси тарабынан ушул Тартиптеги 2-бапта каралган документтер берилбесе;
- ТПФны же башкаруучу компанияны тандоо жөнүндө арыз камсыздандырылган адам тарабынан Мыйзамда каралган мөөнөттөр бузулуп берилсе;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтолмо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоо каражаттары жок болсо;
- ТПФны же башкаруучу компанияны тандоо жөнүндө арыз камсыздандырылган адам тарабынан пенсиялык топтоо каражаттарын төлөп берүүгө же алып салууга кайрылгандан кийин берилсе;
- камсыздандырылган адам тарабынан берилген арызда пенсиялык топтоо каражаттарына Соцфонд менен ишеним башкаруу келишими жок болсо, же мындай арызды кароо мезгилине карата Соцфонд менен келишим токтотулган (бузулган) башкаруучу компания көрсөтүлсө;
- башкаруучу компанияны тандоо жөнүндө арыз пенсиянын топтолмо бөлүгүн милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдин мөөнөтү аяктай элек ТПФ аркылуу түзүп жаткан камсыздандырылган адам тарабынан берилсе;
- камсыздандырылган адам тарабынан бир күндө тандоонун түрдүү варианттары менен бир нече арыздар берилсе же бир арызда бир нече варианттар тандалса.
13. Белгиленген мөөнөттө камсыздандырылган адам тарабынан ТПФны же башкаруучу компанияны тандоо жөнүндө бирден ашык арыз берилген учурда Соцфондго эң акыркы дата менен түшкөн арыз кароого кабыл алынат.
Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо тартиби 1-тиркеме
Көңүл буруңуздар! Арыз даана, басылма тамгалар менен толтурулат!
__________________________________ (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун __________________________________ региондук органынын аталышы)
Башкаруучу компанияны/топтолмо пенсиялык фондду тандоо жөнүндө АРЫЗ
Мен, фамилиясы
Аты
Атасынын аты
Туулган датасы
күн/ай/жыл
Инсандыгын ырастоочу документ _________________________________________________________________________________________________________ (документтин аталышы)
Серия
Номер
Берилген датасы
(ким тарабынан берилген)
КР жекече эсепке алуу системасындагы жекече идентификациялык номер (ЖИН)
Менин жеке камсыздандыруу эсебимдин топтолмо бөлүгүндө эсепке алынган бардык каражаттарды төмөнкүлөргө жиберүүгө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна тапшырам (керектүүсүн белгилөө):
башкаруучу компанияга _________________________________________________________________________ башкаруучу компаниянын аталышы
ТПФга ___________________________________________________________________________________________ ТПФнын аталышы
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду калтырылсын
Башкаруучу компаниянын/ТПФнын ЖИН
ТПФ менен келишим: _________________________________________________________________________________________ ТПФнын аталышы (ТПФ тандалган учурда толтурулат)
20__-жылдын "__" _______________ № _________
Төмөнкү дарек боюнча катталгам (жашайм): Индекс
Мамлекет
Облус
Калктуу конуш
Көчө/кичирайон
Үй №
бат. №
Байланыш телефону
Арыз ээсинин колу: ____________________________________________________________________ Арыз жазылган дата 20__-жылдын "__" _____________
***************************************************************************************************************
ТПФны же башкаруучу компанияны тандоо жөнүндө арыздын айырма талону арыз ээсине берилет ______________________________________________________________________________________ аты-жөнү Башкаруучу компанияны же ТПФны тандоо жөнүндө арыз ______________________________________________________________________________ катталган КР Социалдык фондунун региондук органынын аталышы 20__-жылдын "__" _______________ № _________ Тандалган башкаруучу компаниянын же ТПФнын аталышы (керектүүнүн астын сызуу): ______________________________________________________________________________________ Арызды кабыл алды: ______________________________________________________________________________________ Кызматкердин аты-жөнү, кызмат орду, колу
Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо тартиби 2-тиркеме
Камсыздандырылган адамдын башкаруучу компанияны/топтолмо пенсиялык фондду тандоо жөнүндө арызын кароонун жыйынтыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун КАБАРЛАМАСЫ 20__-жылдын "__" _______________ № _________ Фамилиясы __________________________________________________________________________ Аты _________________________________________________________________________________ Атасынын аты ________________________________________________________________________
Туулган дата
күн/ай/жыл
ЖИН
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Сиздин 20__-жылдын "__" _______________ № ________ төмөнкүлөрдү тандоо жөнүндө арызыңызды карап чыкты:
башкаруучу компанияны _________________________________________________________________________ башкаруучу компаниянын аталышы
топтолмо пенсиялык фондду _________________________________________________________________________ ТПФнын аталышы
жана кабыл алынган чечими жөнүндө билдирет. Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечим кабыл алынды:
Тандоо жөнүндө арыз канааттандырылсын _________________________________________________________________________ башкаруучу компаниянын/ТПФнын аталышы
төмөнкүлөргө байланыштуу арызды канааттандыруудан баш тартылсын _________________________________________________________________________ баш тартуу үчүн негиз Тартиптин 5-бабына ылайык көрсөтүлөт _________________________________________________________________________
Ушул кабарлоого байланыштуу келип чыккан маселелер боюнча Сиз Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна кайрылууга укуктуусуз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндөЗакон · 04.07.2011 · № 78
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 316 "Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо укугун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.05.2015 · № 316
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15