Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлеринин эмгек стажын белгилөөнүн тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 29 августа 2022 года № 474 "О внесении изменений в некоторые решения Кабинета Министров Кыргызской Республики, регулирующие условия оплаты труда работников бюджетной сферы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-29.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ 3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген
Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлеринин эмгек стажын белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобо (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44, 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Жобо Токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун, токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлеринин иш стажын жана иштеген жылдары үчүн маяналарына үстөк акыларды төлөөнүн тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44, 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына ай сайын пайыздык үстөк акы алууга укук берүүчү кызматкерлердин иш стажына төмөнкү мезгилдер кошулат:
- мамлекеттик токой чарба мекемелеринде жана уюмдарында (токойду башкаруу же токой чарба башкармалыгы), токой чарбаларында, мамлекеттик жаратылыш коруктарында жана мамлекеттик жаратылыш парктарында, аңчылык чарбаларында, токойчулуктарда, токойду жайгаштырууда, профилдик институттарда жана алардын бөлүмчөлөрүндө иштеген мезгили;
- эгерде кызматкер аскердик кызматка чакырылганга чейин Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунда, токой чарбаларында, мамлекеттик жаратылыш коруктарында жана мамлекеттик жаратылыш парктарында, аңчылык чарбаларында, токойчулуктарда, токой жайгаштырууда иштесе мөөнөттүү анык аскер кызматындагы мезгили;
- эгерде кызматкер чет өлкөгө кетээрдин алдында токой чарбаларында, мамлекеттик жаратылыш коруктарында жана мамлекеттик жаратылыш парктарында, аңчылык чарбаларында, токойчулуктарда, токой жайгаштырууда иштесе жана жолдо жүрүү убактысын кошпогондо, чет өлкөдөн кайтып келген күндөн баштап эки айдын ичинде ошол эле ишканага же уюмга кайра ишке кирсе чет өлкөдөгү иштеген мезгили;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44, 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына ай сайын пайыздык үстөк акынын өлчөмү курамы мекеменин жетекчисинин буйругу менен бекитилген комиссия тарабынан аныкталат.
4. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына ай сайын пайыздык үстөк акынын өлчөмү эмгек китепчесиндеги жазуулардын негизинде аныкталат. Мындай жазуу жок болгон, анда туура эмес же так эмес жазуулар болгон учурда маалымкаттар, буйруктардан көчүрмөлөр, жеке эсептери, эмгек акысы жөнүндө ведомосттордон көчүрмөлөр эмгек стажын ырастоо үчүн кабыл алынат.
5. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына үстөк акы алууга укук берүүчү кызматкердин иш стажын белгилөө тууралуу комиссиянын чечими протокол менен таризделет. Комиссиянын чечиминин көчүрмөсү төмөнкүлөргө берилет: бир нускасы иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына ай сайын пайыздык үстөк акыны эсептөө үчүн бухгалтерияга, экинчиси кызматкерге тааныштыруу жана өздүк ишине тиркөө үчүн кадрлар бөлүмүнө берилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 "Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз…Постановление · 29.08.2022 · № 474
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 201 "Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине эмгек акы…Постановление · 07.04.2015 · № 201 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин штаттык санын…Постановление · 13.03.2020 · № 154 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.