Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын (“жол картасын”) ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 5-августу № 445 Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын (“жол картасын”) ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын бекитүү тууралуу Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы №74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын (“жол картасын”) ишке ашыруу максатында, 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында кол коюлган Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планы (“жол картасы”) жөнүндө Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекет башчыларынын Билдирүүсүндө белгиленген ниеттердин маанилүүлүгүн таанып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын (“жол картасын”) (мындан ары – Иш-чаралар планы) ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планы бекитилсин.
2. Жогоруда аталган Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары:
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө кыйшаюусуз аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;
- Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча ведомстволук пландарды иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте бекитишсин;
- ай сайын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ай сайын 30уна чейинки мөөнөттө Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (11)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнунун № 377 "Жаныбарлардын ооруларын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.06.2015 · № 377
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелерин жана Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик…Постановление · 18.06.2015 · № 376
- 2019-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алкактык ПРОГРАММА (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү- нүн 2019-жылдын 18-июлундагы N 354…Программа · 18.07.2019 · № 354
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 52 "Бажы союзунун алкагында техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары жөнүндө" токтомуПостановление · 12.02.2015 · № 52
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 568 "Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" токтомуПостановление · 02.10.2014 · № 568
- Достук айылдык кеңешинин 2018-жылдын 25-майындагы № 7 "Шамалды-Сай Темир жол бекетине жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.05.2018 · № 7
- КР Өкмөтүнүн КР 2017-жылдын 16-майындагы № 283 "“2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын…Постановление · 16.05.2017 · № 283
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 592 "Минск шаарында 2013-жылдын 24-октябрында кол коюлган "Бажы союзунун бажы аймагы боюнча баңги каражаттарды, психотроптук заттарды…Постановление · 09.10.2014 · № 592
- Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы…План · 05.08.2014 · № 445 · Күчүн жоготкон
- КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 8-декабрындагы № 697 "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу бажы документтеринин формаларын киргизγγ жѳнγндѳ" токтомуПостановление · 08.12.2014 · № 697 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 “Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын…Постановление · 02.10.2014 · № 569 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 583 "Бажы союзунун бажы аймагында жана Бажы союзунун бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу…Постановление · 07.10.2014 · № 583
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 581 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык…Постановление · 07.10.2014 · № 581