Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 16-октябры № 602 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 153-берене төмөнкү мазмундагы 37 жана 38-пункттар менен толукталсын:
"37) Чакан ишкердик субъекти - жылдык кирешеси КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашпаган КНСтин салык төлөөчүлөрү болуп эсептелбеген уюм же жеке ишкер.
38) Орто ишкердик субъекти - жылдык кирешеси 4000000 сомдон 30000000 сомго чейинки көлөмдү түзгөн уюм же жеке ишкер.".
2. 177-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы киреше төлөө айынан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен бюджетке төлөнүүгө тийиш.";
- төмөнкү мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Чакан ишкердик субъекти же коммерциялык эмес уюм болуп эсептелген салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен бюджетке төлөнүүгө тийиш.".
3. 178-беренеде:
-1-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын: "1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык агенти тарабынан төлөнгөн киреше салыгы боюнча отчеттуулук ушул Кодекстин 177-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык киреше салыгын төлөөнүн жери боюнча салык органдарына киреше төлөө айынан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен берилет.";
- берене төмөнкү мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Чакан, орто ишкердик субъекти же коммерциялык эмес уюм болуп эсептелген салык агенти тарабынан төлөнгөн киреше салыгы боюнча отчеттуулук отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен берилет.".
4. 313-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"313-берене. Роялти төлөөнүн жана салыктык отчеттуулукту берүүнүн мөөнөттөрү
1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык төлөөчү роялтини эсептик каттоо жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен ай сайын төлөйт.
2. Роялтинин салык төлөөчүсү болуп эсептелген чакан ишкердик субъекти тарабынан роялтини эсептик каттоо жери боюнча төлөө отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
3. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, роялтинин салык төлөөчүсү тарабынан салыктык отчеттуулук эсептик каттоо жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен ай сайын берилет.
4. Роялтинин салык төлөөчүсү болуп эсептелген чакан же орто ишкердик субъектинин салыктык отчеттуулугу эсептик каттоо жери боюнча отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен квартал сайын берилет.
5. Өзүнө таандык же өзүнүн пайдалануусундагы жер участокто ишкердик ишин жүргүзүү менен байланышпаган кумду, чопону жана кум-шагыл аралашмасын казып алган жер участоктун менчик ээси же жер пайдалануучу салыктык отчеттуулукту бербейт.".
5. 322-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"322-берене. Салык төлөө жана салыктык отчеттуулук берүү мөөнөттөрү
1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, сатуудан салык, салык төлөөчү тарабынан эсептик каттоо жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен ай сайын төлөнөт.
2. Сатуудан салык, салык төлөөчүлөр болуп эсептелген чакан ишкердик субъектилери тарабынан эсептик каттоо жери боюнча отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен квартал сайын төлөнөт.
3. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салыктык отчеттуулук салык төлөөчү тарабынан эсептик каттоо жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен ай сайын берилет.
4. Салыктык отчеттуулук салык төлөөчү болуп эсептелген чакан же орто ишкердик субъекти тарабынан эсептик каттоо жери боюнча отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен квартал сайын берилет.
5. Эсептик каттоо жок болгон учурда сатуудан салык салыктык каттоо жери боюнча төлөнөт.".
6. 359-берененин 1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий булакка жарыяланууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Ушул Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 24-декабрындагы № 4632-V «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын…Постановление · 24.12.2014 · № 4632-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-мартындагы № 4916-V «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын…Постановление · 19.03.2015 · № 4916-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 4955-V «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 08.04.2015 · № 4955-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон