Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 “Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 31 января 2025 года № 46 "Об утверждении Порядка проведения государственного санитарно-эпидемиологического надзора (контроля) за объектами по обеспечению санитарно-эпидемиологического благополучия населения Кыргызской Республики, санитарно-эпидемиологической экспертизы, расследования, обследования, исследования, испытания"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-01-31.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 2-октябры № 569 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 “Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 1-апрели № 175, 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 170 токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 “Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын (“жол картасын”) ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын бекитүү тууралуу” токтомун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 “Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоосу боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контролдоо) жөнүндө”;
- 1-пункттун экинчи, үчүнчү, төртүнчү, жетинчи абзацтары жана 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы физикалык факторлордун булактарына санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2.3.-пунктта:
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“физикалык факторлордун деңгээлин мамлекеттик текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндө тийиштүү ырастамасы бар өлчөөчү приборлордун жардамы менен өлчөө;”;
- сегизинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- 2.5.-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“2.5. Объектке жүргүзүлгөн лабораториялык-аспаптык изилдөөнүн жыйынтыгы өлчөөлөрдүн протоколуна киргизилет.”;
- 2.6.-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Ушул токтом 2016-жылдын 15-апрелинен тартып күчүнө кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 170 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча…Постановление · 31.01.2025 · № 46
- "Кыргыз Республикасынын аймагындагы физикалык факторлордун булактарына санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо" (КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы…Положение · 06.06.2003 · № 329 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 6 июня 2003 года № 329 "О санитарно-эпидемиологическом контроле по обеспечению санитарно-эпидемиологического благополучия населения органами и…Постановление · 06.06.2003 · № 329 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 1 апрелиндеги № 170 токтомуПостановление · 01.04.2016 · № 170
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-апрелиндеги №175 токтомуПостановление · 01.04.2015 · № 175
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча…Постановление · 31.01.2025 · № 46
- Постановление Правительства КР от 6 июня 2003 года № 329 "О санитарно-эпидемиологическом контроле по обеспечению санитарно-эпидемиологического благополучия населения органами и…Постановление · 06.06.2003 · № 329 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 "Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан…Постановление · 05.08.2014 · № 445 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.