Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 351 «Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 15 апреля 2019 года № 162 "Об отдельных вопросах изготовления и (или) персонификации документов государственного значения и специальных государственных бланков"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-04-15.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 162 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 23-июну № 347 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 351 «Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жекелештирилген документтерин сатып алуунун жол-жоболорун тартипке салуу максатында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 351 «Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 2-пунктундагы «Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын» деген сөздөр «Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тартибинде:
1-глава
нын 1-пунктунда «Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сөздөр «мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына» деген сөздөргө алмаштырылсын; 2- главада: 1-пунктунда «Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулушуна дал келүүчү сатып алуучу уюмдар тарабынан» деген сөздөр «мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын колдонулушуна дал келүүчү сатып алуучу уюмдар тарабынан аталган мыйзамга,» деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-пунктта: үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү;»; төртүнчү абзацта «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: «- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү;»; 4-пункттун экинчи абзацында «Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сөздөр «мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына» деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-пунктунда «Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агентствосу» деген сөздөр «Мамлекеттик каттоо кызматы» деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «6. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алынган мамлекеттик маанидеги документтерден тышкары тендер өткөрүүсүз колдонууга чыгарылган мамлекеттик маанидеги персонификациялаштырылган документтер жараксыз деп эсептелет жана аларды Мамлекеттик реестрге жайгаштырууга тыюу салынат.»; 7-пунктунда «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв боюнча мамлекеттик комиссия» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- ПОРЯДОК осуществления закупок услуг, связанных с изготовлением персонифицированных документов Кыргызской Республики (Утвержден постановлением Правительства Кыргызской Республики…Порядок · 29.05.2002 · № 351 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майы N 351 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн…Постановление · 29.05.2002 · № 351 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 162 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун жана (же) персонификациялоонун айрым маселелери…Постановление · 15.04.2019 · № 162 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 162 токтомуПостановление · 15.04.2019 · № 162
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майы N 351 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн…Постановление · 29.05.2002 · № 351 · Күчүн жоготкон
- О государственных закупках товаров, работ и услугЗакон · 13.05.1997 · № 31 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 162 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун жана (же) персонификациялоонун айрым маселелери…Постановление · 15.04.2019 · № 162 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон