Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 606 «Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 18 июля 2025 года № 428 "Об утверждении Порядка предоставления отпусков работникам, усыновившим (удочерившим) ребенка"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-18.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18 июлундагы № 428 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 13-майы № 257 Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 606 «Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартибин Кыргыз Республикасыныи Эмгек кодексинин 137-беренесине жана Кыргыз Республикасыныи Балдар жөнүндө кодексинин 60-берепесине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасыныи Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасыныи конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасыныи Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 606 «Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- мамлекеттик тилдеги текстинде:
токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартибин бекитүү жөнүндө»; 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «1. Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүүнүн тиркелген тартиби бекитилсин.»; 2-пунктундагы «уул (кыз)» деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү тартибинде:
мамлекеттик тилдеги текстинин аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартиби»; бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү «уул (кыз) бала асырап алган» жана «уул (кыз) баланы (балдарды) асырап алган» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө «бала асырап алган» деген сөздөр менен алмаштырылсын; бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү «отпуска» жана «пособие» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө «өргүү» жана «жөлөкпул» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 1-пункттун үчүнчү абзацындагы «бир жарым» деген сөздөр «үч» деген сөз менен алмаштырылсын; 5-пункттагы «дарылоо мекемеси белгиленген тартипте берүүчү» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берилүүчү» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 6-пункттагы «кош бойлуулук жана төрөгөндүгү боюнча пособие төлөө үчүн белгиленген» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: «7. Бала асырап алуу жөнүндө чечим чыгарган же бала асырап алууну мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган кызмат адамдары, ошондой эле бала асырап алуу жөнүндө башкача жолдор менен кабардар болгон адамдар бала асырап алуунун сырын сактоого милдеттүү. Бала асырап алуучулардын эркине каршы баланы асырап алуунун сырын ачыкка чыгарган аталган адамдар мыйзамда белгиленген тартипте жазык жоопкерчилигине тартылышат.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июлунун “Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 18.07.2025 · № 428
- Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген)Порядок · 22.12.2005 · № 606 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июлунун “Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 18.07.2025 · № 428
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 606 " Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2005 · № 606 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндөКодекс · 10.07.2012 · № 100
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон